Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги айрым эл аралык уюмдар тарабынан текшерүүлөр чөйрөсүндөгү активдүү реформатор катары таанылды.

Новости
04-Декабрь 2012-ж.
2627

Үстүзбүздөгү жылдын 21-23-ноябрында Лондон шаарында Текшерүүлөр чөйрөсүндөгү реформалар- маанилүү өзгөрүүлөр” эл аралык конференциясы болуп өткөн. Бул конференция Улуу Британия Өкмөтүнө караштуу жөнгө салуу системасын өркүндөтүү боюнча Бюро (BRDO) жана Улуу Британиянын бизнес иштери, инновация жана квалификация боюнча департаменти (BIS) тарабынан уюштурулган.

Конференциянын негизги максаты- ишкердик ишин жөнгө салууга түз таасирин тийгизүүчү текшерүүлөр системасын жөнгө салуу маселелери боюнча өлкөлөр арасындагы тажрыйбалар менен алмашуу.

Катышуучулар тарабынан экономикалык өнүгүүнүн жана туруктуу өсүштүн маанилүү компоненти катары ишкердик ишин көзөмөлдөө реформасы”, Жалпы тенденциялар жана Текшерүүлөр системасын реформалоо методдору”, Регулятивдик саясаттын негизги кадамдары”, Көзөмөл чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана өзгөрүүлөр”, Текшерүүлөр чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматчылардын компетенциялары”, Текшерүүлөр чөйрөсүндө IP-технологияларын колдонуу” ж.б. темалардагы презентациялар сунушталды.

Кыргызстандын атынан презентациясы менен Кыргыз Республикасынын экономика министрдин орун басары Олег Панкратов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Осмонбек Артыкбаев чыгып сүйлөштү.

О.Панкратов катышуучуларга текшерүүлөр чөйрөсүндөгү Кыргызстанда өткөрүлгөн реформалардын негизги жыйынтыктары, ишкердик субьекттерин текшерүүнүн колдонуудагы эрежелери жана жол-жоболору, текшерүүчү баракчалардын жана тобокелдиктин критерийлеринин негизинде текшерүүгө карата жаңы подходдору, www.proverka.kg жаңы маалымат порталынын ачылышы жөнүндө маалымдады.

О. Артыкбаев жаңы Мамэкотехинспекциясы кантип түзүлгөндүгү, анын алдында кандай максаттар жана маселелер тургандыгы, кандай натыйжалар жетишилгендиги жана келечекке кандай келечектүү багыттар белгиленгендиги жөнүндө өзүнүн презентациясында айтып берди. Белгилеп кетчү нерсе, конференциянын көптөгөн катышуучулары текшерүүлөр чөйрөсүндө Кыргызстанда өткөрүлгөн реформалардын оң жана прогрессивдүү динамикасын белгилешти. Айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тарабынан бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Экономика министрдигинин жана Эл аралык Финансылык корпорациянын салымы бааланды. Башка постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан текшерүүлөр системасын өркүндөтүүнүн жайы жана натыйжалуу чараларын айрыкча активдүү жайылтып жаткандыгы белгиленди, алар биринчи кезекте республикада бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу