Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларга класстык чендер тапшырылды

Новости
27-Февраль 2020-ж.
4314

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2019-жыл үчүн мамлекеттик жарандык кызматчылардын ишин баалоо боюнча иш-чара өткөрүлдү.

2019-жыл үчүн ишинин жыйынтыктары боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын 133 Мамлекеттик жарандык кызматкери бааланган. Мамлекеттик кызматчыларга төмөнкүдөй баа берүүлөр ыйгарылган: “Үлгүлүү” - 6 мамлекеттик кызматкерге, “эң жакшы” - 104 мамлекеттик кызматкерге, “жакшы” - 23 мамлекеттик кызматкерге.

40 мамлекеттик жарандык кызматчыга биринчи жана кезектеги класстык чендерди ыйгаруу сунушталган.

2020-жылдын 27-февралда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде оң баа алган кызматкерлерге биринчи жана кезектеги класстык чендерди ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Министрликтин Статс-катчысы Шаршеев Айдин Омуралиевич класстык чен ыйгаруу менен кызматкерлерди куттуктап, иштерине ийгилик жана карьералык өсүү каалады.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу