Экономика министрлиги Жашыл климаттык фонддогу Улуттук ыйгарым укуктуу орган болуп саналат

Новости
26-Февраль 2020-ж.
4082

2020-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Бириккен улуттардын азык-түлүк жана айыл чарба уюму (мындан ары - ФАО) менен биргеликте жашыл экономика жана климаттын өзгөрүү маселелери боюнча өлкөлүк саясатка карата жолугушуу болуп өттү. 

Министр Санжар Муканбетов жолугушуунун катышуучуларына – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, эксперттерге жана башка кызыкдар тараптарга акыркы институционалдык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдады, алар “жашыл” экономиканы илгерилетүү жана климаттык чараларды ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматынын башталышы болот.

КР Экономика министрлиги мамлекеттик орган катары стратегиялык пландоого жооптуу, жашыл экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу маселелери Жашыл климаттык фонддогу Улуттук ыйгарым укуктуу орган (УЫУО) тарабынан аныкталган (КРӨнүн 2020-жылдын 20-январындагы токтому). КР Климаттык каржылоо боюнча борбору Катчылык тарабынан министрликке көмөк көрсөтүү үчүн аныкталды.

Министр белгилегендей “жашыл” экономиканы жана климаттын өзгөрүшүн жогорку саясий деңгээлде адаптациялоо жана митигациялоо чараларын илгерилетүү максатында КР Премьер-министринин төрагалыгы астында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн (КРӨнүн 2020-жылдын 30-январындагы токтому менен бекитилген). Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын ноябрь айында климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган. Негизги документти ратификациялагандан кийин өлкө алдында Кыргыз Республикасынын чыгарууларын кыскартууга жана улуттук адаптациялык программа сыяктуу маанилүү документтерди иштеп чыгуу жана жаңылоо боюнча милдеттенмелери турат.

Мындан тышкары КРда “жашыл” экономиканы 2019-2020-ж.ж. өнүктүрүүнүн 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилге карата программасы бекитилген, анын алкагында 7 артыкчылыктуу сектор аныкталган, алар аркылуу биринчи кезекте “жашыл” өнүгүүгө карай өтүүнү камсыз кылуу каралууда, - деп билдирди КР Экономика министрлигинин башчысы.

КРдагы “жашыл” экономиканы өнүктүрүү боюнча саясат тууралуу презентацияны КР ЭМнин стратегиялык пландоону өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Асанова сунуштады.

Ошондой эле ФАОнун колдоосунда ишке ашырылган Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) даярдыгынын биринчи долбоорунун негизги жыйынтыктары жана өлкөдө Жашыл климаттык чараларды ишке ашыруу чөйрөсүндөгү андан аркы аракеттери боюнча талкуу болуп өттү.

Белгиленгендей 2019-жылдын ноябрь айында токой катмарынын аянтын жана жайыт жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана 430 миңден ашык адамдын тышкы таасирлерине туруктуулугун колдоого арналган долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 50 млн. АКШ долл. бөлүп берүү жактырылган. Буга байланыштуу ЖКФ тарабынан каржыланган долбоор жаратылыш ресурстарын, токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүүгө жашыл инвестицияларды илимий жактан негизделген башкарууну бекемдөөгө ошондой эле, климаттын таасир этүүсүн эске алуу менен өндүрүштүк-сатып өткөрүү чынжырынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу