«Экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу фактор катары КРнын жана РФнын региондор аралык кызматташтыгын кеңейтүү» деген аталыштагы кыргыз-орус региондор аралык 2-конференция болуп өттү.

Новости
29-Ноябрь 2012-ж.
2743

«Евразиялык изилдөөлөр институтунун» Өнүктүрүү фондунун Коммерциялык эмес уюмунун президенти конференциянын кошо-уюштуруучусу кириш сөз менен чыгып сүйлөдү.

Саламдашуу сөзү менен конференциянын модератору -Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т.Сариев сүйлөдү. Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды андан ары дагы тереңдетүү үчүн бекем пайдубалды түзгөн кыргыз-орус региондор аралык 1-конференция 2011-жылдын март айында Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Кыргыз-орус региондор аралык 2-конференцияны баштап бүгүн биз былтыркы жылы башталган ишти улантып жатканыбызды түшүнүү жагымдуу. Бул иш-чара региондор ортосунда кандай болсо, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосунда дагы жаңы биргелешкен долбоорлордун жаралашы үчүн жакшы аянтча болуп калат жана дагы көбүрөөк тыгыз өз ара аракеттерге жана конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө түркү берет» деп,- билдирди министр. Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башчысы бул окуя РФнын субъекттери менен КРнын облустарынын ортосундагы тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөөрүнө ишене тургандыгын билдирди. «Россия Федерациясы көз жетип турган келечекте стратегиялык жана соода-экономикалык жактан негизги өнөктөш болгон, болуп жатат жана болуп кала берет. Ошол эле учурда тышкы экономикалык байланыштардын интенсивдүүлүгү иш жүзүндө экономиканын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн жолдорун табууда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча айрыкча активдүү аракеттерди талап кылат. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода –экономикалык мамилелерди оптималдаштыруу эки тараптуу тышкы экономикалык саясат чөйрөсүндө келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана бир түргө келтирүүгө көмөк көрсөтөт. Азыркы учурда Тараптардын экономикалары үчүн энергетика чөйрөсүндө, нефти газ тармагында кызматташуу тууралуу айрыкча маанилүү документтер иштеп чыгуу стадиясында турат. Мындай мүнөздөгү позитивдүү макулдашуулар Кыргызстандын рыногуна Россиянын ири жана белгилүү компанияларынын келишин камсыз кылат» деп, Министр баса белгиледи.

Саламдашуу сөзү менен РФнын Президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев, КРнын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев, жана Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин саламын окуган РФнын Президентинин Администрациясынын региондор аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыш боюнча башкармалыгынын начальниги Владимир Чернов чыгып сүйлөштү. Анда Владимир Владимирович бүгүнкү иш-чарага жогорку маани бере тургандыгы жана өзүнүн жеке саламын катышуучуларга жөнөткөндүгү белгиленди.

Пленардык бөлүктүн жүрүшүндө КРнын Биринчи вице-премьер министри Ж.Оторбаев чыгып сүйлөп, өз сөзүндө «Жагымдуу шарттарды түзбөй туруп жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүн эместигин биз жакшы түшүнөбүз. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү оптимизм жаратат. Кыргызстан өзгөчө маанини региондор ортосундагы мамилеге бурат. Россия тарап инвестициялашы үчүн артыкчылыктуу чөйрө энергетика, кен казуу тармагы, логистика, финансы чөйрөсү болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасы Россияда эмгектенгиси келген жумушчу кадрларды уюшулган даярдоого кызыкдар, деп, өлкөнүн Биринчи вице-премьер министри белгиледи.

Ошондой эле РФнын Экономикалык өнүгүү министрлигинин КМШ мамлекеттери менен экономикалык кызматташуу жана интеграция департаментинин директору С. Чернышев, Бишкек шарынын мэри И.Өмүркулов, РФнын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары В. Романов, Евразия өнүктүрүү банкынын Башкаруусунун төрагасы И.Финогенов, «Газпромнефть Азия» ЖЧКнын директору Б. Абилдаев чыгып сүйлөштү.

«Атом энергиясын тынчтык максаттарга колдонуу жатында кызматташуу жөнүндө» КРнын Өкмөтү менен РФнын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга; «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен «Инвестторгбанк» АКБнын ортосундагы Кыргыз Республикасында банк кызмат көрсөтүүлөрүн жана каржылоону өнүктүрүүгө тийиштүү өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандумга кол коюу болуп өттү.

Соңунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т.Сариев жана РФнын Президентинин Администрациясынын региондор аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыш боюнча башкармалыгынын начальниги Владимир Чернов ММКлар үчүн пресс-конференциянын жүрүшүндө конференциянын Пленардык бөлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу