Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө

Новости
17-Февраль 2020-ж.
3637

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 24-январында КРӨнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечиминин негизги максаты атамекендик товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү жана шарттарды түзүү болуп саналат.

Ата мекендик продукциянын бренддеринин таанымалдуулугун камсыз кылуу үчүн соода тармактары тараптан товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен “Кыргызстанда жасалган” (“Made in Kyrgyzstan”, “Изготовлено в Кыргызстане”) шелфтокери бар өзүнчө стеллаждар/текчелер бөлүнүшү керек.

Соода аянтынын өлчөмүнө жараша белгилерди орнотуу боюнча талап дифференциацияланган:

аянты 50 чарчы метрден жогору болгон соода залдарында ар бир товардык катарда ата мекендик өндүрүштөгү товарлар үчүн товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен “Кыргызстанда жасалган” (“Made in Kyrgyzstan”, “Изготовлено в Кыргызстане”) шелфтокери бар өзүнчө стеллаждар/текчелер бөлүнүшү керек;

- аянты 100дөн 200 чарчы метрге чейинки соода залдарында ар бир товардык катарда ата мекендик өндүрүштөгү товарларды саткан жерде товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен “Кыргызстанда жасалган” (“Made in Kyrgyzstan”, “Изготовлено в Кыргызстане”) шелфтокери бар жеңил жарнамалык конструкциялар орнотулушу керек;

- аянты 200 чарчы метрден ашык соода залдарында кыргыз өндүрүшүнөн чыккан товарларды саткан жерлерге керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн “Кыргызстанда жасалган” (“Made in Kyrgyzstan”, “Изготовлено в Кыргызстане”) деген маалыматтык көрсөтмөлөр, көрнөктөр, шелфтокерлер жана баннерлер коюлушу керек.

Бул механизм импортту алмаштырууну көбөйтүүгө өбөлгө түзөт жана соода тармактарында ата мекендик товарларды сатуунун үлүшүн жогорулатат. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы токтомуна ылайык белгиленген жеткирүүчүлөрдөн соода тармактары тарабынан алынуучу сыйакынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбөөгө тийиш.

Ошентип, ал сатып алынган азык-түлүк товарларынын баасынан 10% ашпоого тийиш.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу