Министр Т.Сариев: биздин инвестициялык саясат бизнестин ишине мамлекеттин кийлигишүүсүн минимизациялоо аркылуу экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө капиталдарды тартууга багытталган.

Новости
15-Апрель 2015-ж.
2373
""Жолугушуунун максаты тууралуу белгилеп кетүү.
Бүгүнкү жыйындын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы чыңдоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзгөнүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымдоо.
Сиздерге белгилүү болгондой, Өкмөт тарабынан бизнес жүргүзүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жеке секторлордун ишмердүүлүктөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү туруктуу мыйзам жана институционалдык база экономиканы өнүктүрүүнүн иштерин ишке ашырып чоң салым жасап, иштер туруктуу жүрүп жатат.

Белгилей кетчү нерсе:
Таасир берүүнүн реалдуу механизмин түзүү максатында, бизнестеги биздин кесиптештер менен Экономика министрлиги активдүү иш алып барууда жана дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турат.
Анткени, ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо - Өкмөттүн социалдык жактан маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат, анткени алардын ишмердүүлүгүнөн экономикабыздын көрсөткүчтөрү жана калктын жашоо деңгээли көз каранды.
Ири бизнестин гана кызыкчылыгын эске албастан, чакан жана орто бизнестеги да көйгөйлөргө көңүл буруу керек, анткени алар экономикалык жактан өсүштүн локомотиви” болуп саналат.



Реформалар тууралуу маалымдап кетүү:
Өкмөтүн инвестициялык саясаттын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу.
Ошол үчүн лицензиялардын, текшерүүчү органдардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу аркылуу ишкердүүлүктүү жүргүзүсүнө мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштыруу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартуу багытында иш алып баратат.
Алардын бири, инвестиция боюнча Мыйзам өзгөртүүлөр киргизилди, ал инвесторлордун иштерин стабилдештирүүгө жол ачып Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Бул Мыйзам инвесторлордун укуктарын камсыз кылуу боюнча салык мыйзамдарынын өзгөрүүлөрүндөгү укуктарына багытталган.
Андан сырткары, бул Мыйзамдын негизинде инвестициялык долбоордун келишим суммасы 50 млн. АКШ долларынан ашса анда инвестор келишимди түзүлүп Өкмөт менен түз иш алып барууга багытталган.

Мега долбоорлор боюнча жетишкендиктер тууралуу белгилеп кетүү:

""1) Камбар-Ата ГЭС-1дикуруу жана иштетүү, Жогорку-Нарын гидроэлектр станцияларынын каскадын куруу жана иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу башталган. Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча гана долбоордун наркы миллиартдаган АКШ долларын түзөт жана курулуш процессине 5 миңге жакын адам алынат.
2) «Датка-Кемин» электр берүү линиясынын жана «Кемин» «Датка» подстанцияларынын курулушу аяктаган соң керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгү артат. Электр энергиясын чектебестен пайдаланууга жол ачылып, өлкө ичиндеги энергетикалык алкак” түзүлөт жана жаңы Камбар-Ата ГЭСтери толук кандуу иштей баштайт. Энергетикалык эгемендүүлүк - чыныгы эгемендүүлүккө, экономикасы өнүккөн Кыргызстанды карай жасалган ишенимдүү кадамдардын бири. Андан сырткары Россиянын катышуусу менен Нарын дарыясында генерациялоочу жаңы кубаттуулуктардын негизинде CASA-1000[1]долбоорунун алкагында жаңы жогорку вольттуу линияларды куруу Пакистанга жана Ооганстанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.
3) Ошону менен катар узундугу 472 км болгон Кытай – Кыргызстан - темир жолунун курулушу боюнча долбоор сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Пекин тарабынан колдоого алынганын белгилеп кетсек болот. Бул долбоорду ишке ашырсак Кыргызстан транзиттик мамлекетке гана айланбастан, темир жол менен бирге өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган дагы бир кара жолуна ээ болобуз.

Инфраструктуралык жетишкендиктер (ийгиликткер) тууралуу айтып кетүү:
2015-2017-жылдарга инвестициялык программа кабыл алынды. «Газпромдун» жетекчиси белгилегендей: «Инвестициялардын көлөмү 34 млрд. рубльды, же 45,5 млрд сомду түзөт. Мында, «Газпром» Кыргызстандын газ тармагына кирип жатканда беш жылдын ичинде 20 млрд. рубльды инвестициялоо милдеттенмесин алган. Бүгүн биз биринчи кезектеги иштерди толук каржылоо жөнүндө сөз кылып жатабыз. Инвестициялардын бул көлөмү алгачкы билдирилген суммадан 1,7 эсеге жогору.».

Андан сырткары акыркы жылдары Экономика министрлиги тарабынан Эл аралык финансылык уюмдарынын каражаттарын тартуу менен транспорттук коридорлорду түзүүгө көп көңүл бөлүнүүдө. Алардын бири «Бишкек-Нарын-Торугарт» жана «Ош-Сарыташ-Иркештам» эл аралык авто жолдорду калыбына келтирүү улантылууда. Бул эки каттам Кытайга чыгууга шарт түзөт.
Транспорттук коридорлор- Европа менен Азияны байланыштыруучу эң кыска жол. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, Кытай жана Индия үчүн Жакынкы Чыгышка жана Кавказга жетүүгө жол ачылат, анда нефтинин жана газ ресурстарынын олуттуу запастары бар.
Ошону менен бирге, эң маанилү болгон Өлкөбуздүн түштүгүнөн Кырыгзстан-Кытай транзиттик көгүлтүл оттунун түтүкчөсү тартылат жана бул проект ишке ашса, бюджетке жылына 50 млн. АКШ долл. киреше түшүүсү күтүлүүдө.

""Жаңылыктар тууралуу:

Андан сырткары жагымдуу кабар бар Сиздерге: Өнүгүү жана Реконструкция Европалык Банк дуйнөдөгү эң чоң каржы институттардын бири болуп эсептелген институтта Кыргыз Республикасынан башкаруучу мүчөсү болом (Управляющий от Кыргызской Респблики)
Азыркы учурда, Европалык банк менен Ош шаарында катуу калдыктарды башкаруу долбоорун ишке киргизүү иш чаралары башталды. Жакында, долбоорду колдоо катына Кыргыз Республикасынан Европалык банкта башкаруучу катары кол койдум.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европалык банктан 10млн. Еврокаражаты каралган, анын ичинен 5 млн. Еврогрант,калганы жеңилдетилген узак мөөнөттөгү насыя.
Бул, долбоордун ишке ашса, Ош шаарындагы Кызыл-Кыштак, Нариман, Шарк жана Төлөйкөн районунун жана түштүк аймагындагы калдыктарды эффективдүү кайра иштетүүгө шарт түзүлөт.

Бажы Союзу менен Бирдиктүү Экономикалык Мейкиндик:
Калктын жашоо деңгээлин көтөрүү жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Бажы Союзуна кирүүсү боюнча иштер жүрүп жатат. Бажы Союзу менен Бирдиктүү Экономикалык Мейкиндик алкагында кыйла терең региондук интеграциялашуу бизге кыйла сыйымдуу рыноктор, түздөн-түз чет өлкөнүн инвестицияларынын өсүүсү, заманбап технологияларды киргизүү жана атаандаштыкты жеңүүнүн жалпы аракеттери менен байланышкан олуттуу пайдаларды берет, ал экономиканы модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт.
Жалпы кабыл алынган пикирлерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Бажы Союзуна кирүүсү – бул бир гана алымсыз товарлардын кыймылы эле эмес. Бул – бирдиктүү транспорттук, билим берүү жана маданий мейкиндик; бул – капиталдын, кызматтардын, жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы; бул - экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн, өлкөдөгү калктын жашоо деңгээлин көтөрүү кызыкчылыгында Тараптардын шарттарды түзүүсү. Кыргыз Республикасынын Бажы Союзуна кирүүсү биз үчүн абдан маанилүү, себеби Бажы Союзуна кирген мамлекеттер, Россия менен Казакстан, биринчи кезекте биздин стратегиялык өнөктөш мамлекеттерден болуп саналат. Бул мамлекеттер менен соода мамилелерибиз төмөнкү сандардан эле билинип турат. Кыргызстан бүгүнкү күндө дүйнөнүн 140тан ашуун мамлекети менен соода ишин жүргүзөт. Бирок Бажы Союзуна кирген мамлекеттердин үлүш салмагы Кыргыз Республикасынын жалпы товар жүгүртүүсүндө 42,7%ды, экспортто – 33,6%ды жана импортто – 45,9 %ды түзөт, анын ичинде бул сооданын көлөмү жогорулатат.
Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүндө эң чоң үлүш салмагын Россия Федерациясы ээлейт – 27,6%, андан кийин Казакстан – 12,7%, Белорусь Республикасына 2,4% туура келет.
Бажы Союзуна Кыргыз Республикасы кирбеген учурда негизги соода өнөктөш мамлекеттери менен соода жүргүзүү, албетте, ар жыл сайын өсүү динамикасын жогото баштайт, мисалы айыл-чарба азыктары жаатында кыйынчылыктар жаралат, себеби ветеринардык жана фитосанитардык контроль жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби (стандарты) болбойт. Андан тышкары, Бажы Союзунун мамлекеттери үчүнчү” өлкөлөргө, Бажы Союзуна кирбеген мамлекеттерге карата чектөө чараларын киргизүүнү улантышы да мүмкүн.

Миграция маселеси тууралуу
Ошондой эле эң маанилүү болуп турган эмгек миграциясына токтолуп кетсек.
Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын территориясынан КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы чет мамлекеттерине 1 млн. жакын адам чыгып кеткен. Ошолордун ичинен 700 миңден ашыгы – Россия Федерациясына, алардын ичинен кеебирлери россиялык атуулдукту алышкан.
Кыргызстандын Бажы Союзунун мүчөлүгү эмгек миграциясына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү жоюуга жардам берет:
1) мүчө өлкөлөрдүн жарандары ишке орношууга уруксатты алуусуз Бажы Союзунун мүчө-мамлекеттеринин каалаганында иштөөгө укуктуу болушат;
2) квоталоо жана эмгек мигранттарына иштөөгө милдеттүү уруксаттар жокко чыгарылат;
3) бажы биримдигинин мамлекеттеринин аймагында эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн убактылуу болуу мөөнөтү каттоосуз 30 суткага чейин узартылат.
4) мүчө-мамлекеттер эмгектин улуттук рыногун коргоо максатында алардын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү колдонушпайт жана башка чектөөлөрдү белгилешпейт.
5) иштин: медициналык, юридикалык, педагогикалык жана фармацевтик түрлөрүнөн тышкары, бардык кесиптер боюнча дипломдорду өз ара таануу жөнүндө ченем иштейт. Бул союздун алкагындагы ири «плюс» жана артыкчылык;

""Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду түзүлдү.
Ошону менен бирге эң маанилүүсү Бажы Союзуна кирүү боюнча кол коюлган Макулдашуунун алкагында 1 млрд.АКШ доллар капиталы менен Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду түзүлдү.
Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы:
-агро өнөр жай комплексиндеги;
-тигүү жана текстиль өнөр жайындагы;
-кайра иштетүүчү өнөр жайындагы;
-тоо-кен казуучу жана металлургия өнөр жайындагы;
-транспорттогу;
-турак-жай курулушундагы;
-соодадагы;
-ишкердикти өнүктүрүүдөгү;
-инфратүзүмдү өнүктүрүүдөгү өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Ошол эле мезгилде:
· инвестициялардын агып келүүсүнүн;
· жеңилдетилген «узак кредиттерди» пайдалануунун;
· жабдуунун лизингинин;
· кошумча жумуш орундарын түзүүнүн;
· соода агымдарынын өсүшүнүн эсебинен
экономиканы өнүктүрүүдө оң тенденциялар камсыздалат, биздин жарандардын жашоо деңгээлинин жана жыргалчылыгынын өсүшү болот.

Учурдагы тышкы факторлорду, эл аралык рыноктордогу татаал жагдайларды, дүйнөлүк жалпы экономикалык өсүштүн төмөндөшүн, валюта рыногундагы туруксуздукту эске алуу менен, туруктуу жана алдыңкы рынокторду түзүү үчүн чараларды көрүү зарыл.
Мындан тышкары, евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстердин шартында биздин жеке секторлордун деңгээли жана атаандашуу жөндөмдүүлүгү боюнча курч маселе турат.
Бүгүн биз ишкердик ишин жүргүзүү чөйрөсүндө иштердин күндөлүк абалын талкуулоо жана кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү келечекте конкреттүү милдеттерди аныктоо үчүн чогулуп отурабыз.
Биз жеке сектор дуушар болуп жаткан негизги маселелерди чогуу аныктап жана Сиздердин сунуштарды угушубуз керек.
Биз чындыгында эле ачык экенибизге жана биз тараптан бул маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу жана бардык керектүү чаралар иштелип чыгарына Сиздерди ишендирип кетким келет.
Сиздердин катышууңуздар менен, ошондой эле аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башка өкүлдөрүнүн катышуусунда – бизнести мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин конкреттүү планын иштеп чыгышыбыз жана түзүшүбүз керек.
Ошондой эле бүгүн Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусунун жана Бажы союзуна кирүүсүнүн натыйжасында келип чыккан маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилет.
«2015-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу» маселелери боюнча Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин алдыдагы жыйыны тууралуу Сиздерге билдирип кетким келет, анда биздин биргелешкен ишибиздин жыйынтыктары көрсөтүлөт.
Улуттук Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн маселелер артыкчылыктуу болуп саналат жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.


Күндүн экинчи жарымында, минитср Т. Сариев Алай районундагы Кызыл-Булак көмүр чыккан жерине барып карап чыккан .


Кызыл – Булактагы күрөң көмүр чыккан жери Алай районунда, Алай тоо кырларынын бетинде жайгашкан, 1993-жылы ачылган.
- 2015-жылдын 1 – январына карата көмүрдүн запасы ишкананын отчету боюнча С2 категориясы боюнча 5 гр баланстык формасында – 684,0 миң тонна; баланстан тышкары – 205,3 миң тонна;
- 2015-жылга пландалган болжолдуу көрсөткүчтөрү – 60,0 миң тонна казып алуу, ал эми бош теги 3500,0 миң.м3;
- иштетилип баштагандан баштап казылып чыгарылгандардын көлөмү - 692,2 миң.тонна
- инвестициялар тууралуу маалымат жок;
- Казылып алуулардын көлөмү лицензиялык макулдашуулар менен каралган, жылына 60,0 миң тонна көмүр.
Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыктын маалыматтары боюнча, Кызыл – Булак кен чыккан жер тилкесинде Перити-Коал” ЖЧКУ компаниясы жерди иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 3631 СЕ (С-115-04) лицензиясына ылайык ишин жүргүзөт, 2044 - жылдан баштап Кызыл-Булак күрөң көмүр чыккан жериндин Түштүк” ждана Түштүк фланг” жер тилкесинде бош тек жана казып чыгаруу иштери жүргүзөт.
Компания, акыркы 10-жылдан бери Ош областынын Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунун алыскы жана барууга кыйын жерлериндеги жайшгашкан калкты, бюджеттик уюмдарды, аскердик жана чек ара бөлүктөрүн жана Баткен областынын өнөр-жай объектерин («ЮКЦ» Кызыл – Кыя шаары) катуу отундары (көмүр) менен камсыз кылат.







Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу