Кыргызстанда мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгууда бирдей талаптар киргизилди.

Новости
19-Март 2015-ж.
2338
2014-жылдын 15-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, экономика министрлигинин буйругу менен Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологиясы» жана Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологиясы” бекитилди.

Бул методологиялар мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессиндеги катышуучуларга методологиялык колдоо көрсөтүү, стратегиялык башкаруу принциптерин аткаруу бийлик органдарына жайылтуу, стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыкты.
Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча Методологиясы мамлекеттик стратегиялык документтердин иштеп чыгышынын тартибин аныктайт жана мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгууда колдонулуп жана аларды унификациялоого жана тутумдаштырууга багытталган.

Ал эми Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методология мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризация жүргүзүүдө жана стратегиялык пландаштыруунун негиздерине, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына саясий багыт жагынан алардын актуалдуулугуна баа берүүдө мамлекеттик органдарга методикалык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу