Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесине түзөтүүлөр киргизилди.

Новости
18-Март 2015-ж.
2172
Техникалык шарттарды берүүнү жана жаңы курулуш объектилерин кошууну, реконструкциялоонун жана кыймылсыз мүлктүн башка өзгөрүүлөрүн инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында 2015-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №105 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн себеби, курулуп жаткан объекттерди инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн акы алуу жана эсептөө тартиби белгиленген эместиги менен байланыштуу жана техникалык шарттарды каттоо боюнча көйгөйлөр болгон, ошондой эле объекттерди кошулууга техникалык шарттарды берүүдө инженердик тармактарды башкаруучу уюмдар менен бирге кызматташуу боюнча бирдиктүү тартибинин жоктугу.

Токтоминженердик тармактарга инвентаризация жүргүзүүгө, ар бир региондо инженердик тармактардын инфраструктураларынын башкы схемасын иштеп чыгуу жана бекитүү, отун-энергетикалык комплекстин ар бир тармагында технологиялык кошулуу үчүн акыны аныктоо боюнча тартибин иштеп чыгуу үчүн тийиштүү тапшырманы караштырган пункт менен толукталды.

Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесине «тармактарга кошулуу», «тармактарга улаштыруу», «технологиялык кошулуу» деген түшүнүктөр менен толукталды, ошондой эле техникалык каталар четтетилди.

Эрежелерде кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда аткаруучунун иш-аракеттери каралбаганына байланыштуу, анда кошулуудагы иш аракеттерге тактоо киргизилген анын ичинде, кошулуга мүмкүндүк болбосоаткаруучуну курулуш объектисинин 100 метрлик аймагынан керектүү кубаттуулукту берүүнү камсыз кылуу үчүн техникалык-уюштуруу иш-чараларын жүргүзүүгө, ал үчүн төлөөнүн булактары жана тартиптерин милдеттендирген норманы караштырат, ошондой эле эскертме менен ылайыктуу негиздемеси болсо түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен кошулуу үчүн шарты бар жакынкы точкага объкеттин кошулуусуна жол берилет. Мында, куруучулар үчүн тең шарттар түзүлөт жана техникалык шарттарды алууда коррупциялык көрүнүштөр кыскарат.

Ошондой эле, куруучулар жана инженердик-техникалык түйүндөрдүн ээлеринин ортосунда бирге кызматташууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилди – деп Экономика министрлиги маалымдайт.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу