Ишкердик субъектерди колдоо боюнча жүргүзүлгөн салык саясаты

Новости
09-Январь 2020-ж.
2985

2020-жылдын 9-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Дастан Кадыровдун катышуусу менен ишкердиктин субьекттерин колдоо жаатында салык саясатын жүргүзүү маселелери боюнча пресс-конференция болуп өттү. 

Экспорт жана экспортко багытталган субъекттерди колдоо максатында салык салуу боюнча төмөнкү жеңилдиктер берилген:

            I. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы №86 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен:  

  1. Кошумча нарк салыгынан (КНС) жана ишинен тушкөн пайдалуу салыктан төмөнкү ишкердик бошотулат:
  2. айыл чарба кооперативдер;
  3. машино-трактордук станциялар (МТС);
  4. соода-логистик борборлор (СЛБ);
  5. айыл чарба кооператив киреше салыгынын жүгу азайтылган: ар бир жалданма жумушчуга карата Салык кодексинин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт; 
  6. чарбакер субъектиси КНС төлөөчү катары катталган фактына карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылуучу айыл чарба кооперативи, соода-логистиук борборлору импорту үчүн КНС төлөөдөн бошотулат;
  7. ата-мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү ишканалары кошумча нарк салыгын 80 пайызын төмөндөтүү менен төлөйт;
  8. айыл чарба кооперативдердин негизги каражаттардын импорту чектөөдөн алып ташталды (200 мин сом);
  9. жер салыгы боюнча айыл чарба кооператив негизги иш максаттарында пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар азайтылган Кк коэффициенти 0,1 өлчөмүндө белгиленген.
  10. мүлк салыгын төлөө 50 пайыз өлчөмүндө: айыл чарба кооператив жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун негизги иш максаттарында пайдаланылган, алардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар.

II. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №114 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен:   

Өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү боюнча преференциялык калктуу конуштарда иштерди жүзөгө ашырган жаңыдан түзүлгөн ишканаларга ишинен тушкөн пайдалуу салыктан жана сатуу салыктан бошотулган, ошондой эле жергиликтүү кеңеш жер жана мулк салыктан бошотууга укуктуу.

            Мындан тышкары тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды.

Мыйзам юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосунда камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгын төлөө  боюнча жүктөрүн теңдөө максатында төмөнкүлөрдү белгилейт:

- жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык тигүү жана текстиль тармагында өндүрүш ишмердигин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин 5 жылдык мезгилде (2019-жылдан 2023-жылга чейин) орточо айлык эмгек акынын 40% 12% өлчөмүндө. 

- ар бир жалданма жумушчуга карата Салык Кодексинин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу