Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн эки долбоору боюнча жеке демилге жөнүндө сунуштар келип түштү

Новости
24-Декабрь 2019-ж.
4088

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин дарегине МЖӨнүн эки долбоору боюнча жеке демилге келип түшкөндүгүн маалымдайт.

Биринчи долбоор – “Көп функционалдуу комплекси менен Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын бассейнин реконструкциялоо”.

Экинчи долбоор- “Дөлөн Өмүрзаков атындагы чакан аренаны жабык көп функциялуу спорттук-оюн-зоок комплексине реконструкциялоо”.

Мамлекеттик өнөк бул сунуштарды алдын ала кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.

Эгерде кийинки этап менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 5-пунктуна ылайык, мамлекеттик өнөк жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу акыркы чечимди кабыл алса, анда мамлекеттик өнөк 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде долбоорду даярдоону жүргүзөт жана жеке өнөктү тандап алууга тендер жарыялайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу