Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча тегерек столдун резолюциясы

Новости
19-Декабрь 2019-ж.
4481

2019-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору (Мындан ары - МЖӨ борбору) тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен биргеликте “JIA” Бизнес Ассоциациясы, “Эмарк” ТКК жана “Бурана гранд” ЖЧК менен өнөктөштүктө “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк: кызматташтык же атаандаштык?!” темасында тегерек стол өттү.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында МЖӨ маселелеринде белгилүү бир жетишкендиктер бар. 2019-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Экономика министрлигине караштуу МЖӨ долбоорлорун издөө, даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ишти системага салууга жана координациялоого багытталган МЖӨ борборун түзгөн. 2019-жылдын 22-июлунда КР “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” жаңы Мыйзамы кабыл алынган, бул Мыйзам МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана ишке киргизүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрөт жана тездетет. Азыркы учурда МЖӨ бир нече долбоорлору ишке ашырылууда, анын ичинде, Кыргызстанда гемодиализ борборлорун түзүү, “Кызыл-Кыргызстан” кинотеатрын куруубоюнча долбоор, шаардык коомдук транспортто электрондук билет өткөрүү боюнча долбоор. Бала бакчаларды, шаардык унаа токтотуучу жайларды, логистикалык борборду куруу жана башкалар боюнча долбоорлор даярдоо процессинде. Ошол эле мезгилде тегерек столдун катышуучулары МЖӨ боюнча ишти күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Кыргызстандагы Инфраструктура көбүрөөк инвестицияларды талап кылат, бирок чектелген мамлекеттик бюджет шартында инфратүзүмдү каржылоо дээрлик жокко эсе, бул анын массалык бузулуусуна алып келди. МЖӨ жеке капиталды курууга, реконструкциялоого жана инфраструктуралык объекттерди башкарууга жана инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүгө тартуу үчүн мамлекет үчүн натыйжалуу каражат болушу мүмкүн.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандагы МЖӨ долбоорлорунун санын жана сапатын жогорулатуунун зарылдыгын, инфраструктуранын объектилерине тартылган жеке инвестициялардын өлчөмүн көбөйтүү жана акыркы жана эң маанилүү натыйжа катары өлкөдөгү адамдардын жашоо сапатын жогорулатуучу Кыргызстандагы инфраструктуранын сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгилешти.

Талкууну эске алуу менен Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорунун санын көбөйтүү жана сапатын жогорулатуу максатында тегерек столдун катышуучулары төмөнкү сунуштарды киргизүү керек деп эсептешет:

МЖӨ долбоорлору боюнча:

КР Экономика министрлиги, МЖӨ борбору жана КР Мамлекеттик мүлк Фонду мамлекеттик жана муниципалдык активдердин жеткиликтүү тизмесин жарыялоо жана чыгаруу.

МЖӨ борбору Кыргызстандын бардык региондору боюнча МЖӨ потенциалдуу долбоорлорунун тизмеси менен маалыматтарды бизнес катыша ала турган ар бир долбоор жөнүндө кеңири маалымат менен даярдасын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын мэриясына, Ош шаарынын мэриясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка бардык органдарына муниципалдык объекттердин тизмесин даярдоого жана жеткиликтүү кылууга тапшырма берүүсүн.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда МЖӨ маселелери боюнча окутуу жүргүзүүгө жооптуу адамдарды (башкы /жетекчинин орун басарларынын деңгээлинде) аныктоо, алар үчүн МЖӨ боюнча окутуу, алардын функциялык милдеттерине МЖӨ маселелерин киргизүү жана алар менен бизнестин өкүлдөрү МЖӨнүн потенциалдуу долбоорлору жөнүндө сүйлөшүүлөрдү даректүү жүргүзүүгө мүмкүн болушу сунушталсын.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда МЖӨ маселелерине жооптуу адамдарды (башкы /жетекчинин орун басарларынын деңгээлинде), МЖӨ боюнча окууларды өткөрүп, алардын функциялык милдеттерине МЖӨ маселелерин киргизсин жана алар менен МЖӨнүн потенциалдуу долбоорлору жөнүндө сүйлөшүүлөрдү даректүү жүргүзгөн бизнестин өкүлдөрүн аныктоо сунушталсын 

Окутуу боюнча:

МЖӨнүн ишке ашырылып жаткан долбоорлору боюнча текшерүүчү жана укук коргоо органдары тарабынан доо-талаптардын учурларын эске алып, текшерүүчү жана укук коргоо органдары үчүн МЖӨнүн негиздерине окутуу жүргүзсүн. 

КР Финансы министрлигинин Окуу борборуна “МЖӨ-инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу каражаты катары” темасындагы киришүү курсунан тышкары 8 академиялык саат, Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордун угуучулары үчүн МЖӨ боюнча атайын курстардын бир нече программаларын иштеп чыгуу. 

КР ЖОЖдорунун окуу пландарына студенттер жана магистранттар үчүн тандоо курсу катары МЖӨ предметин киргизүү сунушталсын.

МЖӨнүн долбоорлорун издөө жана даярдоо методологиясы боюнча:

КР Экономика министрлиги МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле жеке сектор тарабынан МЖӨ долбоорлорун идентификациялоо, даярдоо жана ишке ашыруу үчүн методикалык жана типтүү документтерди (калыптарды) иштеп чыксын.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана МЖӨ борбору милдеттүү түрдө МЖӨ маселелери боюнча мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууга бизнес өкүлдөрүн тартууга тийиш.

МЖӨ борбору боюнча:

МЖӨ чет элдик борборлорунун (мисалы, Россиянын, Казакстандын, Түркиянын, Кореянын) өкүлдөрүнүн, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен МЖӨ борборунун (мисалы, Россия жана Казакстандын МЖӨ борборлору) Байкоочу кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо. Байкоочу кеңешке Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү маселелери боюнча МЖӨ борборуна сунуштарды берүүгө ыйгарым укук берилсин.

Каржылоо:

Жеке өнөктөш тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын минималдуу кепилденген көлөмү үчүн, ошондой эле КР өнүктүрүү фонддорунун эсебинен МЖӨ долбоорлору боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн башка милдеттенмелери боюнча акы төлөөнүн кепилдиктеринин системасын иштеп чыгуу.

КР банктары менен аларды МЖӨ долбоорлорун каржылоого тартуу боюнча ишти баштоо.

МЖӨ долбоорлору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү:

МЖӨ борборунун алдында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча талаптарга жооп берген аккредиттелген (же сунушталган же катталган) консультанттардын жана/же консультациялык компаниялардын тизмесин түзүү.

Коммуникациялар:

www.ppp.gov.kg Веб-сайтынын мазмунун өзгөртүү жана ишин баштоо.

Сайтта күнү-түнү баарлашуу (whatsapp, telegram), сайтында маалыматтык материалдарды, МЖӨ долбоорлорун идентификациялоо, даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча презентацияларды жайгаштыруу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу