Бардык артыкчылыктуу тармактарда МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну активдештирүү жөнүндө

Новости
09-Декабрь 2019-ж.
4286

2019-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төралагалыгы алдында Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүнүн натыйжаларын кароого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул жааттагы артыкчылыктуу кадамдарына карап чыгууга арналган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында экономика министри Санжар Муканбетов “МЖӨ тууралуу Мыйзамдын” жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу ченемдик өзгөрүүлөр боюнча кеңири баяндама жасады. Муну менен катар министр тарабынан учурдагы көйгөйлүү маселелер жана МЖӨ механизмдерин өркүндөтүү боюнча андан аркы план ченемдүү иш-аракеттер белгиленген.

Мындан тышкары, жыйында “МЖӨ борбору” жаңы түзүлгөн мамлекеттик мекемесинин презентациясы болуп өттү, анда борбордун директору Данияр Абдылдаев тарабынан орто мөөнөттүк келечекте бул мекеменин иш планы көрсөтүлдү.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, туризм жана шаардык инфраструктура тармактарындагы МЖӨнүн долбоорлорунун учурдагы статусу жөнүндө маалыматтар угулду.

Талкуулоонун жыйынтыгында Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүдөгү оң жылыштарды белгиледи жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну бардык артыкчылыктуу тармактарда жандандырууга чакырды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу