Бишкекте “КР ЕАЭБ: жыйынтыктар, тажрыйба жана перспективалар” практикалык конференциясы өтөт

Новости
02-Декабрь 2019-ж.
4144

2019-жылдын 2-3-декабрларында Бишкек ш. “Орион” отелинде саат 10:00до КР Экономика министрлиги КР ЕАЭБ менен интеграциялануу мезгилинде тобокелдиктерди жумшартуу жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү боюнча Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорунун колдоосу менен: “Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинде: жыйынтыктар, тажрыйба жана перспективалар” практикалык конференция өткөрөт.

Практикалык конференциянын негизги максаттары:

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжаларын жана КР ЕАЭБге катышуу мезгили ичинде алынган интеграциялык натыйжаларды талкуулоо;

- тажрыйба алмашуу, сунуштарды жана проблемаларды чечүү боюнча макулдашылган резолюцияны кабыл алуу, анын ичинде соода тоскоолдуктарын четтетүү маселелерин иштеп чыгуу.

Мындан тышкары, талкуулоо төмөнкү актуалдуу темаларга тиешелүү:

- ЕАЭБдин экономикалык өсүшүн тездетүү үчүн өбөлгөлөр;

- биргелешип өздөштүрүү жана инновациялык технологияларды ишке киргизүү, ЕАЭБтин санариптик күн тартиби;

- бирдиктүү өнөр жай саясатын жана энергия ресурстарынын рыногун түзүү;

- эмгек мигранттарын, анын ичинде алардын ишинин шарттарын эркин орун которуштуруу жана аларга теңдеш социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу;

- кызматтардын жана капиталдын бирдиктүү рынокторун түзүү, ЕАЭБтин үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү.

Программа тиркелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу