Польша тарап Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушун кубаттайт жана Кыргыз-Польша мамилелеринин алгалап өнүгүүсүн күтөт.

Новости
26-Февраль 2015-ж.
2360
Бул 2015-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т. Сариевдин жана Кыргызстандагы Польша Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Я. Ключковский мырза менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Мындан сырткары бул жолугушууга Польша Республикасынын элчилигинин соодага жана инвестицияга көмөк көрсөтүү бөлүмүнүн начальниги А. Стефанский мырза жана Польша Республикасынын кадырлуу консулу А. Златкин мырза катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Т. Сариев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине интеграциялоо процесси, шарттары жана келечеги жөнүндө Польша тарапты маалымдап өттү.

Элчи Я. Клюковский Польша тарап Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушун кубаттайт жана Кыргыз-Польша мамилелеринин алгалап өнүгүүсүн күтөт” деп билдирди.

Тараптар польшанын насыясын чөйрөлөргө жана тармактарга колдонуу маселелерин талкуулашты. Каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Польша тарап кызыктар болгон кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн окутуу семинарларын уюштурууну же алып барып келүүнү сунушташты, ошондой эле Польшанын айыл чарба техникасын көрсөтүү үчүн Айыл Агро” көргөзмөсүнө катышууга даяр экенин айтып өтүштү.

Мындан сырткары тараптар Экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Польша Өкмөт аралык комиссиясынын 4-отурумун өткөрүү мөөнөтүн талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу