Бизнес жана мамлекет Кыргызстанда пластик таштандылардын көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө даяр.

Новости
14-Ноябрь 2019-ж.
4516

2019-жылдын 11-ноябрында Бишкекте “Кыргызстандын КТК системасындагы таңгактын калдыктарын башкаруу ыкмалары: эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен проблемалар жана перспективалар” темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чара 2019-ж. Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгынын жана “Таштандысыз дүйнө” глобалдык демилгесинин алкагында уюштурулган.

Тегерек столдун негизги максаты-Кыргызстанда пластиктин калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулоо.

Уюштуруучулар: The Coca-Cola Company Агенттиги менен биргеликте “КСО Борбордук Азия” (“CSR Сentral Аѕіа”) жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин өкүлү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, калдыктарды кайра иштетүүчү компаниялардын, ар түрдүү секторлордогу ишканалардын жетекчилери, бейөкмөт уюмдар жана эксперттик аудитория катышышты.

ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков өз сөзүндө пластик таштандылары менен айлананын булгануу көйгөйүн актуалдаштырды. Ошондой эле ал аталган маселе жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган, өлкөдө кабыл алынган “Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү” стратегиялык концепциясын жана 2019-2023 - жылдарга Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын өнүктүрүү Программасын ишке ашыруунун алкагында, артыкчылыктуу документтердин бири болуп саналарын билдирди.

Экономика министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын жашыл экономикасын өнүктүрүү тууралуу маалымат беришти, ошондой эле бул багытта министрлик тарабынан ишке ашырылган иш-чаралар жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле министрлик мындай демилгелерди колдоого жана оптималдуу чечимдерди жана мындан аркы аракеттерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун алкагында калдыктарды башкаруу жана жөнгө салуу маселелери боюнча дискуссияларды улантууга даяр экендигин билдирди.

Тегерек столдун алкагында жаратылышты булгоонун проблемаларын чечүүнүн эл аралык тажрыйбасы, Чыгыш Европа, ЮАР, Бельгия, Румыния жана Түркия өлкөлөрүндө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин ыкмаларын жана системаларын колдонуу сунушталды.

Талкуулоонун натыйжасында негизги сунуштар төмөнкүлөр болду: КР Экономика министрлигинин алдында өндүрүүчүлөрдүн узак мөөнөттүү жоопкерчилигин кеңейтүүнү (ИЖК) иштеп чыгуу боюнча туруктуу иштөөчү жумушчу тобун түзүү, кутулоо жана пластикалык чөйрөсүнө тартылган, ошондой эле Кыргызстандагы КТК башкаруу системасын жөнгө салуу жана ишке киргизүү боюнча мамлекеттик чараларды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү. 

Маалымат:

Описание: http://mineconom.gov.kg/froala/uploads/dc5a79fed6d1ba51701a05cb0756cf4868b83627.pngЖашыл экономика жумалыгы-2019: “Жашыл экономика – Күчтүү аймактар – өлкөнү туруктуу өнүктүрүү”. Өнөктөштөр менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган жашыл экономиканы киргизүүнү колдоо боюнча иш-чаралардын циклы (11-17-ноябрь 2019-ж.). 2019-жылы Жашыл экономика жумалыгынын максаты жашыл экономиканын принциптерин алга жылдырууда бардык кызыкдар тараптардын фасилитациясы жана Кыргызстандын региондорунун өнүгүүсү үчүн алардын пайдасын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болуп саналат. Жуманын күндөрү төмөнкү багыттарга арналган: туруктуу туризм, жашыл транспорт, жашыл Айыл чарба жана табигый экосистемалар, жашыл энергетика жана жашыл өнөр жайы, ошондой эле жашыл экономикага өтүү процессинин ар кандай инструменттеринин талкуулары жана маалыматтуулукту Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Roaming\Microsoft\Windows\Network Shortcuts\2-recycling-logo-recycle.pngжогорулатуу боюнча иш-чаралар. #greeneconomyKG2019

“Таштандысыз дүйнө” глобалдык демилге (World Without Waste) - бул бул 2025-жылга карата кайра иштетүү кутусуна толугу менен өтүү ниети менен Coca-Cola компаниясынын глобалдык демилгеси. Ал эми 2030-жылы компания суусундук менен рынокко чыккан жаңы бөтөлкөлөрдүн жана идиштердин бүт көлөмүн чогултууга жана кайра иштетүүгө жардам берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу