Экономика министрлигинин кызматкерлери - спартакиаданын жеңүүчүлөрү медалдар жана Ардак Грамоталар менен сыйланды

Новости
06-Ноябрь 2019-ж.
4443

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана ведомстволук органдарынын кызматкерлери мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин Спартакиадасына активдүү катышат.

Министрликтин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы Айдин Шаршеев тарабынан мелдештин бекитилген графигине ылайык, төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү: армрестлинг, тогуз-коргоол, шахмат, дартс, стол тенниси, кичи-футбол, бильярд, бокс, ок атуу ж.б.

Спартакиаданын жыйынтыгында КР ЭМ статс-катчысы А. Шаршеев жана уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, профкомдун төрайымы Асель Курманова Экономика министрлигинин төмөнкү орундарды ээлеген мыкты спортчуларына медалдарды, Ардак Грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты:

Аты - жөнү

Спорттун түрү

Орун 

1

Болжирова Жылдыз

Армрестлинг (70 кг)

1-орун

2

Шатманалиев Кубат

Гиря (70 кг)

1-орун

3

Качкынбай кызы Жылдыз

Тогуз-коргоол 

3-орун

4

Кынатова Чинара Нурдиновна

Тогуз-коргоол

3-орун

5

Мураталиев Азамат 

Армрестлинг (80 кг)

3-орун


Жыл сайын өткөрүлүүчү Спартакиада дене тарбиясын, спортту жана сергек жашоо мүнөзүн кеңири жайылтуу, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин дене тарбия жана спортту үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, Спартакиаданын катышуучуларынын мыкты командаларын аныктоо; дене тарбия-массалык жана спорттук иштердин түрлөрүн өркүндөтүү максатында өткөрүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу