Жалал-Абад облусунда Инклюзивдик жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча долбоорлор киргизилди

Новости
31-Октябрь 2019-ж.
4243

2019-жылдын 29-октябрында Бишкекте “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасы боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги Айбек Кадыров, ЕБ элчиси Эдуард Ауэр мырза жана Германиянын элчиси Моника Иверсен айым.

“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында 1,9 млн. евро өлчөмүндө грант алган жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар иш-чарада Жалал-Абад облусунда инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча өз иш-чараларын көрсөтүштү.

2019-жылдын апрелинде “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы (мындан ары-программа) тарабынан жарыяланган долбоордук сунуштар сынагында “Youth of Osh”, “Жалал-Абад АКК”, “TES-борбор”, “Агролид”, “Био Фермер”, “Био Сервис”, “Жамааттарга негизделген кыргыз туризм ассоциациясы (КАТОС)” сыяктуу өкмөттүк эмес уюмдар жеңишке ээ болушкан. Алар улуттук жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү фермерлердин жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын чыңдоо боюнча ишке киришти. Алардын ишмердүүлүгү өндүрүштү, туристтик кызматтарды жана айыл чарба продукциясын өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана маркетингде фермерлерге, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” GIZ программасы ЕБ жана Германия экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин (BMZ) кош каржылоосу менен ишке ашырылууда. Программанын бюджети 11,3 млн. еврону түзөт, анын ичинен ЕБ тарабынан 9,8 млн. евро берилген. Программа 2018-жылдын октябрынан 2022-жылдын ноябрына чейин иштейт жана айыл калкынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын жана аялуу топтордун киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Потенциалын, кичи инвестицияларды тартуу, жергиликтүү фермерлерди, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо аркылуу программа жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Маалымат үчүн:

В 2017-жылы Брюссель ш. кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы макулдашуунун алкагында “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы ишке ашырылууда.

Программанын максаты-айыл аймактарын Инклюзивдик экономикалык жактан өнүктүрүүгө дем берүү жана экономикалык кластерлерди түзүү боюнча улуттук стратегияларды ишке ашырууга салым кошуу. Ал Жалал-Абад облусунда ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлорду улантат жана масштабдайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу