Талас облусунун дыйкан-фермерлери менен жолугушуу болуп өттү

Новости
28-Октябрь 2019-ж.
1997

2019-жылдын 11-октябрында Талас облусунда Айыл чарба тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы З. Жумалиев Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Мураталиев жана район башчыларынын катышуусунда Талас облусунун дыйкан-фермерлери менен жолугушуу болуп өттү. 

Жолугушунун алкагында мамлекеттик органдар Талас облусунда фасолдун баасын турукташтырууга тиешелүү сунуштарын берип, экспортко чыгаруу механизмдерин, фасолдун жаңы сортторун өстүрүү, ошондой эле кайра иштетүү жана башка маселелери каралды. Ошондой эле, бүгүнкү күндө актуалдуу болгон бул соода-логистикалык борборлорун, кайра иштетүүчү ишканаларын ачуу жана башка маселелер каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу