Тамак-аш продукциясынын ата мекендик өндүрүүчүлөрү үчүн ЕАЭБ техрегламенттеринин талаптарын түшүндүрүү

Новости
25-Октябрь 2019-ж.
4036

Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган “Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү” семинардын алкагында, 2019-жылдын 25-октябрында мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуу болду.

Семинардын негизги милдети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында кабыл алынган жана иштеп жаткан техникалык регламенттердин укуктук ченемдеринин маселелери боюнча, тамак-аш азыктарын ЕАЭБ рыногуна жүгүртүүгө чыгаруунун шарттары жөнүндө жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо боюнча практикалык жана конструктивдүү диалог болду.

Тамак-аш продукцияларын байкоого алууну камсыз кылган, таңгактоого, маркалоого талаптар жана товарды коштоочу документтер жөнүндө маалымат берилди.

Семинардын программасы эң жогорку экспорттук потенциалга ээ болгон продукциялардын экспортунун көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу