ЕАЭБ шарттарында улуттук стандартташтырууну өнүктүрүү жөнүндө

Новости
25-Октябрь 2019-ж.
4142

2019-жылдын 23-октябрында КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жанан метрология борбору “ЕАЭБ шарттарында улуттук стандартташтырууну өнүктүрүү” темасында Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнүнө (24-октябрь) арналган тегерек стол уюштурду.

Иш-чарага министрликтердин, ведомстволордун, ЖОЖдордун, бизнес – ассоциациялардын, стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столду өткөрүүнүн максаты, экономиканын жогорку технологиялык чөйрөлөрүндө стандартташтырууну өнүктүрүү менен байланышкан алда канча перспективалуу багыттарга көңүл буруу, ошондой эле стандартташтыруу боюнча ишке активдүү катышууга, анын ичинде эл аралык, аймактык жана улуттук стандарттарды иштеп чыгууга, кабыл алууга, пайдаланууга кызыкдар тараптарды стимулдаштыруу болуп саналат.

СМБ адистери бет ачарларды сунуш кылышты жана маселелерди талкуулашты:

Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен стандартташтыруу жаатындагы иштердин жаңы багыттары.

- Санариптештирүү боюнча техникалык регламенттердин жана СМБнын стандарттарынын улуттук маалымат фонду.

- ЕЭКтин чечимдерин ишке ашыруу боюнча стандартташтыруу боюнча КР улуттук органы тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар.

Улуттук кесиптик майрамдын алдында дүйнө жүзү боюнча жыл сайын дүйнөлүк стандарттардын күнү деп белгиленет, өз өмүрүн жана кесиптик өнөрүн жоопкерчиликтүү жана зарыл ишке арнаган бирдиктүү стандарттарды түзүү менен байланышкан он миң деген адистин салымын белгилөө, бүткүл дүйнөлүк экономика үчүн стандартташтыруунун маанилүүлүгүн баса белгилөө үчүн иш-аракеттердин маанилүүлүгүнө адамдардын көңүлүн буруу керек.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБ рынокторуна товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун илгерилетүү максатында чоң иштер жүргүзүлүүдө, товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралар көрүлүүдө жана стандартташтыруу боюнча КР улуттук органы бул процессте маанилүү ролду ойнойт.

КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору, соода потенциалын бекемдөөдө жана экспортту алдыга жылдырууда стандартташтыруу инструменттерин натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурат.

Көтөрүлгөн маселелер абдан актуалдуу, катышуучулар ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жана стандартташтыруунун, техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондун санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, иштердин жаңы багыттарын киргизүү боюнча талкуулоого жигердүү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү министрликтердин, ведомстволордун, стандартташтыруу боюнча БК өкүлдөрүн ЕАЭБ алкагында өткөрүлүүчү видеоконференцияларга, БС ТР (ЕАЭБ) долбоорлорун, аларга карата стандарттардын тизмесин талкуулоо боюнча, республиканын кызыкчылыгын коргоо максатында активдүү катышууга чакыруу менен ЕАЭБ техникалык жөнгө салууга тиешелүү маселелерди, КР мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу зарылдыгын түшүндүрүп берди.

Ошондой эле стандартташтыруу боюнча министрликтер менен ТККнын өкүлдөрү тарабынан органикалык продукцияга стандарттарды иштеп чыгуунун актуалдуулугу, Стандартташтыруу жана аларды ЕАЭБ алкагында ишке тартуу боюнча БК ишин активдештирүү, сыноо методдоруна стандарттарды иштеп чыгуунун жаңы унаа түзүү боюнча КР ЭМ менен биргеликте маселени иштеп чыгуу боюнча сунуштар киргизилди.

Бул тегерек стол мамлекеттик структураларды жана бизнести, башка кызыктар тараптарды тартуу менен стандартташтыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жакшы маалыматтык аянтча катары кызмат кылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу