Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын логотиптеринин эскизин иштеп чыгууга конкурс жөнүндө кулактандыруу

Новости
22-Октябрь 2019-ж.
4245

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын логотиптеринин эскизин иштеп чыгууга конкурс жөнүндө кулактандыруу


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын логотиптеринин эскизин иштеп чыгууга сынак жарыялашат.


Конкурстун максаты: ТӨМ 17 уникалдуу, кызыктуу, эсте калуучу логотибин жана өлкөнүн улуттук бирдейлигин камсыздайт.

Конкурска дизайн компетенттүүлүгүнө ээ, конкурстун шарттарына ылайык конкурстук иштерди тапшырган бардык (18 жаштан жогору курактагы) жеке жана юридикалык жактар катыша алышат.

Арыздарды кабыл алуу 2019-жылдын 21-октябрында башталып, 2019-жылдын 22-ноябрында саат 18:00дө аяктайт.

Конкурс жөнүндө Жобо, конкурстук иштерди тариздөөгө өтүнмөнүн формасы жана техникалык талаптар уюштуруучулардын расмий веб-сайттарында жайгаштырылган 

(www.mineconom.gov.kgwww.mlsp.gov.kgwww.minculture.gov.kgжана башка массалык маалымат каражаттары.

Материалдарды басма жана электрондук түрдө 2019-ж. 22-ноябрда саат 18:00дан кечиктирбей берүү зарыл 

Басма сөз түрүндөгү материалдар конвертке салынган түрдө Бишкек ш., Тыныстанов көч., 215 (телефон: 0312 62-45-44) дареги боюнча берилүүсү зарыл.

Электрондук түрдө материалдарды электрондук алып жүрүүчүлөрдө көрсөтүү же электрондук svod2019@list.ru почтага “ТӨМ логотибинин эскизи” темасын белгилеп жөнөтүү зарыл.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү 3-муундагы iPad Pro (12.9 дюйм) алат. Конкурстун калган финалисттери эстелик белектери менен сыйланышат.

Маалымат үчүн:

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары (ТӨМ)- бул 17 глобалдык максаттар жана 169 тийиштүү милдеттер, алар 2030-жылга жетүүгө макулдашкан БУУнун бардык мүчө-мамлекеттери (193). 

ТӨМ комплекстүү жана бөлүнгүс мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүктүрүүнүн бардык үч компонентинин тең салмактуулугун камсыздайт: экономикалык, социалдык жана экологиялык.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу