Министр Т. Сариевдин бизнес-коомдун жана жеке сектор ассоциациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда КР инвестициялык климатын жакшыртуунун маселелери каралды.

Новости
02-Февраль 2015-ж.
2169
Бүгүн КР Экономика министрлигинин чоң залында министр Темир Сариевдин жана бизнес-коомдун, жеке сектор ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу маселелерин, ишкердүүлүк жана инвестициялык ишти жүргүзүү чөйрөсүнүн азыркы абалын жана мындан аркы өнүгүү планын талкуулоо саналды.

Министр Т. Сариев жүргүзүлгөн реформалар жана мамлекеттин Өкмөтүнүн чаралары, министрликтин алдыдагы пландары, азыркы көйгөйлөр (чет элдик инвестициялардын келишинин азайышы, капиталдын агып чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын Бизнес жүргүзүү” рейтингинде позициянын төмөндөшү) жөнүндө маалымдап өттү.

Азыркы мыйзамга ылайык, ата мекендик инвестор үчүн да, чет элдик инвестор үчүн да инвестициялык тартип бирдей. Анткени Кыргызстандын рыногуна кирүүдө административдик жолтоолор кыскартылган.

Кыргыз Республикасында компания ачыш 2 гана жол-жобону талап кылып, 3 күндү ээлейт жана ал менен байланышкан сарптоолор элдин жан башына бөлүнгөн орточо кирешесинин 2,7 % түзөт.

Ошондой эле либералдуу салык тартиби түзүлдү, ага ылайык КНСтин ставкасы 20%дан 12% пайызга чейин төмөндөдү, ошондой эле киреше салыгынын жана сатык салыгынын ставкалары 10%га чейин төмөндөдү.

Азыркы убакта мамлекетте 101 уруксат берүүчү документ иштеп жатат, ал эми 2008-жылы алардын саны 518 түзгөн.

Министр Т. Сариев бизнесмендердин суроолоруна жооп берип жатып, ишкердүүлүктү өнүктүрүүнүн туруктуу өсүшүн түзүү үчүн бирдиктүү чараларды көрүү зарыл деп белгилеп өттү.

Алдыда Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу маселелерин талкуулоо боюнча аймактык жана тармактык жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.

""""""""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу