КР Өкмөтү мыйзам базасын реформалоо аркылуу бизнес чөйрөнү жакшыртат.

Новости
27-Январь 2015-ж.
2321
Бүгүн Кабар” маалымат агенттигинде жеке секторду өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүүгө багытталган жаңы жөнгө салуу рефомасын жүргүзүү тууралуу маалымат жыйыны болуп өттү, ага Элчи, Бишкектеги ЕККУ борборунун жетекчиси Сергей Капинос, Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу мүдүрү Актилек Тунгатаров жана Экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыпов катышты.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары К. Джакыпов Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясына карата 2017-жылга чейин Кыргызстан Бизнес жүргүзүү” эл аралык рейтингинде биринчи 30 мамлекеттин арасына кириши керек, ал эми экономикалык эркиндик рейтингинде 40-орундан төмөн эмес орунду ээлеши зарыл. Коррупция менен тутумдуу күрөш жана көмүскө экономиканы легалдаштыруу 2017-жылга мамлекетти Коррупцияны түшүнүү рейтингинде 50 мамлекеттин арасына чыгарышы керек деп белгилеп кетти.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн акыркы жылдарда бизнести колдоо жаатында бир нече реформалар жүргүзүлдү, алар:

- либералдык мыйзам түзүлдү;

- бизнеске болгон бюрократиялык басым азайтылды;

- мамлекеттин бизнестин ишине кийлигишүүсү чектелди;

- ишкерлердин укугун коргоо боюнча механизмдер иштелип чыкты;

- салык жана бажы түзүзүлүшү жөнөкөйлөтүлдү;

- мамлекеттик башкарууда коррупцияны жок кылуу саясаты ж.б. активдүү жүргүзүлүп жатат.

Өзүнчө жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү жагымдуу ишкердүүлүк жана инвестициялык климатты түзүүгө мүмкүндүк берди.

Белгилүү бир жыйынтыктарга жеттик жана жүргүзүлгөн реформаларга бизнес оң баасын берди.

Бирок мындан аары кетишибиз абзел, алынган жыйынтыктарды бекитип, калган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табуу зарыл.

Алдыдагы Бажы биримдигине кирүү биздин мамлекеттин өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга милдеттендирип жатат. Бизнес чөйрө жана инвестициялык климат биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз болушу абзел.

Кыргызстанда ишкердүүлүк ишти жөнгө сала турган миңдеген ченемдик актылар иштээри аныкталган. Бул актылардын көпчүлүгү жакшылап кароодон өткөн эмес.

Бизнес үчүн кээ бир ЧУАлар ичинен карама-каршы, ашыкча татаал жана убаралуу. Ошон үчүн алардын мыйзамдуулугун, негиздүүлүлүгүн, кайталанган жерлерин алып салууну, карама-каршылыгын жана коллизиясын карап чыгуу зарыл.

2017-жылга чейин Улутук туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жана коррупцияны жок кылуу боюнча Президенттин буйругун ишке ашырууда өкмөттүн алдында административдик жана жөнгө салуу басымды ишкердүүлүк ишке гильотина принцибин” колдонуу менен азайтуу милдети коюлган.

Ушуга байланыштуу ишкердүүлүк чөйрөсүндө мыйзамга терең инвентаризация жүргүзүү жолу менен бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган жөнгө салуу реформасы тууралуу долбоорду ишке ашыруу боюнча Өкмөт жана ЕККУ борборунун ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Премьер – министрдин жетекчилиги астында Жөнгө салуу реформасы боюнча Кеңешме” аттуу атайын орган түзүлгөн.

Кеңешменин алдында Жөнгө салуу реформасы боюнча бөлүм” аттуу иштөө органы түзүлдү, ал эми Кеңешменин катчылыгы болуп Экономика министрлиги аныкталган.

Ал эми С. Капиностун сөзү боюнча, бул долбоор жөнгө салуу реформасынын процессин ар тараптуу жана системалуу түрдө аткарууну карайт жана үч фундаменталдык принципке негизделген, алар:

1. Төрт багыт боюнча Гильотина” ыкмасын колдонуу менен ишкердүүлүк ишти жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны системалык түрдө талдоо жүргүзүү. Багыттар: мыйзамдуулукка, зарылдыгына, бизнеске достук мамилесине жана коррупцияга туруктуулугуна.

2. Натыйжалуу иштөөнү жакшыртуу жана жаңы ченемдик-укуктук актыларды талдоо максатында ЖСТТ (орус. АРВ) түзүмүн тартипке келтирүү.

3. Жөнгө салуу реформасын жүргүзүү үчүн жөнгө салуу институтунун жана кадрлардын дараметин бекемдөө.

Мындай оор жана комплекстүү долбоор үчүн техникалык жана серептик колдоо көрсөтүү үчүн Бишкектеги ЕККУ борбору Jacobs, Cordova & Associates эл аралык компаниясын чакырды, ал e-Guillotine” программасын иштеп чыккан жана жөнгө салуу реформасы чөйрөсүндө дүйнөдөгү алдыңкы уюм болуп саналат.

Акыркы жылдары Өкмөт жеке секторду колдоо саясатын активдүү жүргүзүп жатат деп белгиледи А.Тунгатаров.

Өкмөт жана ЕККУ тарабынан сунушталган жөнгө салуу реформасы бизнес өкүлдөрү үчүн зарыл.

Анткени бизнес, бул белгиленген реформаларды ишке ашырууда бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууну, коррупция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жоготууну, жөнгө салуу менен байланышкан чыгымдарды кыскартууну, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмүн жогорулатууну, эркин атаандаштыктын принциптерине каршы турган негизделбеген талаптарды жоюуну күтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу