Кыргызстанда мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү

Новости
27-Сентябрь 2019-ж.
4075

2020-жылдын 1-январында Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат.

Ошентип, кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында мунай заттарын алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында жаңы талаптар белгиленет.

Алсак, дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунай заттарынын же резервуарлардын базасы болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми чекене сатуу автомай куюучу станцияларда гана, контролдук-кассалык машиналар менен АЗСтерди камсыз кылуу, мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасы менен жабдуулар (колонкалар) менен камсыз кылуу шартында жүргүзүлөт.

Мунайды жана мунай өнүмдөрүн эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук тутумуна жаңы талаптарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап ишкердиктин бардык субъекттери, АЗС мунай затты чекене сатууну жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында АЗСке мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонууга милдеттүү.

Мунайзаттарды чыгаруунун автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү болуп, контролдук-кассалык машинадан кассалык чекти төлөө жана чыгаруу фактысыз кардарга отун алууга мүмкүн эмес болот, анткени мунай затты АЗС май куюучу колонкаларга берүү жөнүндө сигнал иштебейт. Ушул система мунайзатты АЗС берүүдө реалдуу убакыт режиминде бул маалыматты салык кызматынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, ишкердик субъекттер өз алдынча АЗС мунай продуктуларын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын орнотот жана тейлейт. Мында ал техникалык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

Мунайзаттарды жана ККМди берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө талаптарга функционалдык туура келбеген учурда ушул АЗС мунай заттарын чекене сатууга тыюу салынат.

Мунайзаттарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттери, салык кызматынын маалыматтык системасынын жеке кабинети аркылуу технологиялык чынжырчасы боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук коштоомо кагазды тариздеши керек. Электрондук коштомо кагаз мунай заттары, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү ишке ашыруучу транспорт каражаты жөнүндө маалыматты камтыйт.

Мында кошумча социалдык-экономикалык жүктү төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасын сатып алууга жана орнотууга байланыштуу жеңилдиктерди берүү бөлүгүнө жыл ичинде өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечимин кабыл алды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу