Ош жана Жалал-Абад шаарларында чакан МВА /бизнес башкаруу боюнча тренингдер өтөт

Новости
19-Сентябрь 2019-ж.
4595

Урматтуу бизнесмендер,

Сиздерди Ош жана Жалал-Абад шаарларында ОБСЕнин Программалык кеңсесинин колдоосу алдында Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) жана ЖИА Бизнес Ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Чакан МВА / бизнес башкаруу” курсуна катышууга чакырабыз.

Курс 4 блоктон турат:

Курсту өткөрүү убактысы

Блоктор жана тренерлер

Негизги темалар:

23-27.09 - Ош ш.

30-04.10 -Жалал-Абад ш.

Финансылык менеджмент 

Тренер: Руслан Калимов.


CEO Investment Solutions ЖЧК

Аккредитованный консультант в SBS EBRD

Ишкананы финансылык башкаруу жана талдооПайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, финансылык жана инвестициялык көз караш менен өнүгүү стратегиясы, инвестицияларды кантип тартуу керек, финансы моделин кантип түзүү керек.

30.09-04.10 Ош ш.

07-11.10 Жалал-Абад ш.

Персоналды башкаруу (HR)

Тренер: Владимир Ширяев.



ISR Consult – HR Консультант

Ex-HR Директор – Kazakhmys Gold Kyrgyzstan

Financial Group Kompanion жана Mercy Corps Ex-HR

Персоналды кантип натыйжалуу кызматка алуу, персоналды окутуу жана өнүктүрүү, персоналды баалоо, персоналга дем берүү, KPI натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн негизинде сыйлык системасы

09-13.10 - Ош ш.

14-18.10 - Жалал-Абад ш.

Стратегиялык менеджмент 

Тренер: Талант Жумазаев.




Шорону (Shoro)стратегиялык өнүктүрүү боюнча Ex-Deputy CEO 

I do marketing башкаруучу өнөктөш

ISR Consult СEO 

Стратегиялык талдоо, миссия, багыт, стратегиялык максаттар жана милдеттер, бюджет, мониторинг жана стратегияны аткарууну баалоо, байланыш башкаруу, тоталдык сапатты башкаруу

18-20.10 Ош ш.

22-24.10 Жалал-Абад ш.

Маркетинг жана сатуу 

Тренер: Данияр Аманалиев.


Ololohaus CEO

Victory” Бизнес-борборунун Генералдык менеджери

Kyrgyz Concept Ex-Башкаруучу директору

Көгүлтүр  океан теориясы тыкандык менен баштоо, бизнес-моделдин канвасы, сатуу воронкасы, дизайн-ой жүгүртүү 


Алгачкы үч жума окуу белгиленген күнү саат 16.00 дөн 20.00 гө чейин кофе-брейк тыныгуусунда өткөрүлөт. Төртүнчү жумада толук жумуш күнү интенсивдүү тренингдер өткөрүлөт.

30% дан ашык эмес убакыт - теория, 70% практика, башкача айтканда, катышуучулар өзүнүн кейстерин жана милдеттерин чечишет жана жумшак көндүмдөрдү (soft skills) үйрөнүшөт.

Тренинг интерактивдик форматта өтөт, анда катышуучулар топтук дискуссияларга жана биргелешкен иштердин презентациясына максималдуу катышышат.

Окутуунун натыйжалары сабактарга чейин жана сабактан кийин тесттердин жардамы менен бааланат.

Программа буга чейин бизнес жүргүзүү тажрыйбасы жана жогорку максаты бар адамдар үчүн максималдуу пайдалуу болот.

Тренингди өткөрүүгө жумшалган чыгымдар негизинен ОБСЕнин эсебинен жүргүзүлөт, 80 сааттык окуу үчүн 3000 сом - бул символдук наркты белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Биз Ош шаарына катышуу үчүн 2019-жылдын 21-сентябрында саат 12:00го чейин жана Жалал-Абад ш. катышуу үчүн 2019-жылдын 27-сентябрына чейин атайын https://forms.gle/oiZrWsQQKLrNhfjR8 форманы толтуруп берген катышуучулардын арасынан 30 окуучуну тандап алабыз.

Курска өткөндөр, Ош ш. - 21.09.2019-ж. жана Жалал-Абад ш. 27.09.19-ж. билдирүү алышат.

Бардык маселелер боюнча, ошондой эле Жалал-Абаддагы тренингдин күнүн тактоо үчүн ИКБ/ЖИА Жалал-Абаддагы кеңсесине же 0701 14 54 52 тел. аркылуу жана Ош ш. ИКБ/ЖИА кеңсесине 0776 100 504; 0557 100 504 тел. кайрылууга болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу