Бүгүнкү күндө мамлекет жана бизнес КРда ишкердикти өнүктүрүү боюнча биргеликте аракеттерди көрүп жатат

Новости
19-Сентябрь 2019-ж.
4656

2019-жылдын 19-сентябрында Бишкек ш. “Парк Отелде” Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин катышуусунда Ишкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев министрдин атынан Ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, дүйнөлүк тажрыйбада ишкердик экономикалык прогресстин кыймылдаткычы жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү болуп саналаарын жана ишкердик иш-аракетти жүргүзбөстөн дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

Ошондой эле бүгүнкү күндө бийлик менен бизнес-ассоциациялардын өнөктөштүк өз ара байланыштары белгиленгенин жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүгөндүгүн, өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү тармактарында жана региондорунда ишкерлердин иш-аракеттерин кеңейтүү үчүн шарттар түзүлгөндүгүн, чакан жана орто бизнес туруктуу жана ийгиликтүү өнүккөндүгүн белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын январь-июнь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтары боюнча 11 534 чакан жана орто ишканалар иштейт жана жеке ишкердикти 407 миң адам жүргүзүшкөн. Мында чакан жана орто бизнестин салыштырма салмагы ИДПнын жалпы көлөмүндө 38% ды түздү.

Түзүлгөн кырдаалды өзгөртө турган демилге катары жүзөгө ашырылган:

- 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдары тарабынан ишкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизүү;

- 2019-2022-жылдарга КП экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн Программасын кабыл алуу;

- “Долбоорлорду даярдоо фондун” түзүү, анын максаты - өнүгүүнүн долбоорлорун каржылоо үчүн республиканын ишкерлеринин потенциалын, өзгөчө - КР аймактарын колдоо жана чыңдоо. Долбоордун узактыгы - 2018-2020-ж.ж. суммасы 400 миң АКШ долл. тегереги;

- ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын кызмат ордун түзүү (бизнес-омбудсмен);

- жалпы улуттук жана муниципалдык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүү максатында “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү;

- төмөнкүдөй кабыл алынган фискалдык колдоо чаралары: “Машина-трактордук станциялардын (МТС)”, “Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун (СЛБ)” жана “Айыл чарба кооперативдеринин (АЧК)” айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайлык кайра иштетүү продукцияларын пайда салыгынан жана жеткирип берүү жана экспорт КНСтен бошотуу;

- КНС төлөөчүсү тарабынан катталгандыгынын фактысына карабастан жеке өндүрүштүк максаттар үчүн ТКМ жана ТБ ташып кирүүчү негизги каражаттарды КНСтен бошотуу;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын жана ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканаларын КНС төлөмүнөн 80 %га азайтуу.

Буга байланыштуу А. Шаршеев алдыдагы иш чаралар тууралуу маалымат берди:

- 2019-2023-жылдарга чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы иштелип чыкты, анда бул программага жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүүгө жана жакшыртууга багытталган бир катар иш-чаралар киргизилген;

- Кыргыз Республикасында Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ишкерлерди окутуу жана консультация берүү боюнча иш жүргүзгөн Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында ишкердикти колдоо борборлору ишке киргизилген;

- “Бизнес-омбудсмен жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгууда, ал бизнес чөйрөнү жакшыртууга жана салыктык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөк көрсөтөт;

- салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө (электрондук эсеп-фактура, товарларды маркалоо, ККМ-онлайн), анын жыйынтыгында төмөнкү натыйжалар күтүлөт: көмүскө экономиканы легалдаштыруу, ата-мекендик ак ниет өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргоо, инвестициялык жагымдуулукту арттыруу, таза атаандаштыкты өнүктүрүү шарттарын түзүү.

Бул демилгелердин көпчүлүгү сиздердин жардамыңыздарда ишке ашырылды”, - деп жыйынтыктады А. Шаршеев.

Жыйынтыгында, бүгүнкү күндө мамлекет жана бизнес Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча биргеликте аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. 

Андан соң сыйлоо аземи болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу