“Евразия жумалыгы – 2019” IV Эл аралык форуму Бишкекте өтөт

Новости
30-Август 2019-ж.
4059

2019 – жылдын 25-27-сентябрында Бишкек шаарында “Евразия жумалыгы-2019” IV Эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу чечим иш-чараны уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында кабыл алынган. Аянт катары Кыргызстандын негизги экономикалык жана саясий окуялары болуп жаткан “Ала-Арча” № 1 мамлекеттик резиденциясы тандалып алынган. 

Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы форум “ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч” урааны менен өткөрүлөт.

“Евразия жумалыгы” IV Эл аралык форумунун күн тартиби Бирлик жөнүндө Келишимдин беш жылдык жыйынтыгын талкуулоого жана чыгыш чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча интеграциянын жаңы векторлорун белгилөөгө, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык турбуленттүүлүктөн аярлуулукту азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууга багытталган” – деп Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча Коллегия мүчөсү (Министр), “Евразия жумалыгы” IV Эл аралык форумун Уюштуруу комитетинин төрайымы Вероника Никишина белгиледи.

Форумдун программасы үч блок боюнча 20дан ашык аянттарды уюштурууну болжолдойт. Бул, ЕАЭБти өнүктүрүүнүн негизги жана келечектүү багыттарын камтыган стратегиялык трек. Өнөктөштүк - бул жерде катышуучулар Кыргызстан жана ЕАЭБ үчүн өзгөчө актуалдуу болгон негизги тармактар боюнча бизнес үчүн практикалык маселелерди талкуулашат. Жаштар трегинин алкагында ЕАЭБ жаш лидеринин мектеби, ЕАЭБ ЖОЖдорунун сессия-презентациясы, ошондой эле бизнес-оюндар жана ишке орноштуруу маселелери боюнча сессия өтөт.

Бул жылы форумга катышууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Армения Республикасынын Вице-Премьер-Министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-Министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары - Финансы министри Антон Силуанов, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ошондой эле бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.

“Евразия жумалыгы - 2019” өзгөчө орунду айыл чарбага жана тамак-аш өнөр жайына арналган көргөзмө ээлейт. Көргөзмөгө катышууга компетенциясы менен бөлүшүүгө даяр тажрыйбалуу өндүрүүчүлөр гана эмес бизнес-чечимдерди издөөдө жайгашкан компаниялар да чакырылат.

Эске салсак, “Евразия жумалыгы” Эл аралык көргөзмө форуму төртүнчү жыл катары менен өткөрүлүп жатат. Өткөн жылдардагы натыйжалар форум негизги иш-чара жана ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү үчүн эркин пикир алмашуу аянтчасы катары өзүн көрсөттү. 

Форумдун максаты-бүткүл дүйнө жүзүнө экономиканы биргелешип калыптандыруу жана методологияларды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын көрсөтүү. Форумдун аянтчасы атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган продукцияны түзүү үчүн В2В - түз байланыштар тармагын өнүктүрүүгө жана потенциалдуу керектөөчүлөр жана инвесторлор катары үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларын тартуу үчүн өбөлгө түзөт.

Форумга катышуу акысыз, иш-чаранын www.eurasianweek.org расмий сайтына катталуу керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу