Экономика министрлиги: Компьютердик техникаларды сатып алуу боюнча жарыяланган конкурс жөнүндө

Новости
04-Сентябрь 2016-ж.
1939

Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталында жайгаштырылган компьютердик техникаларды сатып алуу боюнча жарыяланган конкурс жөнүндө коомчулукка түшүндүрүү максатында төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз республикасанын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгу» законуна ылайык конкурс жарыялаганга чеин алынып жаткан жабдуулардын рыноктогу бааларынын мониторинги өткөрүлөт. LOGIC” жана Wizard computers” аттуу компанияларынын коммерциялык сунуштары боюнча конкурста көрсөтүлгөн спецификациядагы нукура топтомдогу” компьютердик техникасына болгон баалар 58 миң 645 сомдон 75 миң 398 сомду түзөт. Тендерде көрсөтүлгөн баа (58 миң сом) так эле ушул баада сатып алынышы керек деп чечилгенин билдирбейт, биз жогоруда көрсөтүлгөн суммадан 10-15% ке төмөн баадагы варианттарды карап жатабыз.

Эмнеге нукура топтомдогу” компьютерлер?

«Нукура топтомдогу» компьютерлер-бул кылдаттык менен тестирленген, ишенимдүү жана тез иштөөчү нукка салынган, комплектөөчу фирма-өндүрүшчүлөрдун нукура өзүнөн чыккан компьютердик техника.

Бир жолу айырмасын төлөп коюп, компьютерлердин кызмат мөөнөтүн бир нече жылга узартса болот.

Буга чеин арзан баада алынган үчүнчү өлкөлөрдөн чыгарылган запастык бөлүкчөлөрдөн чогултулган нукура эмес топтомдогу” компьютерлер бат эле иштен чыгып, кайра эле жаны тетиктерди сатып алуу менен бирге кошумча чыгымга учуратат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу