“Энергияны талап кылуучу түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө” ЕАЭБ техникалык регламенти кабыл алынды

Новости
13-Август 2019-ж.
5633

ЕАЭБдин техникалык регламенти электротехникалык продукциянын энергиялык натыйжалуулугуна карата талаптарды, ошондой эле энергияны керектөөчү түзүлүштөрдү маркалоого карата талаптарды жана энергетикалык натыйжалуулуктун класстарын белгилейт жана муздаткычтарга, ТВ, компьютерлерге, кир жуугуч жана идиш-аяк жуугуч машиналарга, кондиционерлерге, вентиляторлорго, суу насосторуна жана башка электр приборлоруна колдонулат.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен биргеликте бул приборлордо энергетикалык натыйжалуулукту камсыз кылуу жана ошону менен энергоресурстарды үнөмдөө үчүн иштелип чыккан.

Мындан тышкары ЕАЭБ техникалык регламенти кээде мындай түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү ак ниетсиз ишкерлердин ишин алдын алууга жардам берет.

Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн айрым түрлөрү сатып алуучуларга жакшы маалымат берүү үчүн энергетикалык натыйжалуулук жөнүндө атайын этикетка жана техникалык баракча менен жабдылат. Мындай түзүлүштөрдүн энергонатыйжалуулук класстары орнотулат. Ошондой эле техрегламент Комиссия тарабынан бекитилген энергетикалык натыйжалуулуктун этикеткаларынын формаларын карайт.

Энергияны керектөөчү түзүлүштөр Бирликтин рыногуна аталган Техникалык регламенттин жана башка техрегламенттердин (аларга таркатылган) ченемдерине жооп бергенде гана жана шайкештикти баалоо жол-жобосунан өткөн шартында гана өткөрүлөт. Алар ЕАЭБ рыногунда продукциянын айланымынын бирдиктүү белгиси менен маркаланат.

Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн этикеткалары боюнча Кеңештин чечими кабыл алынганын эске алуу менен, 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

ЕЭК Кеңешинин чечимине ылайык бирликтин техрегламентинин айрым талаптарын ишке киргизүү каралган, бул энергияны керектөөчү түзүлүштөрдү өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү милдеттүү талаптарга үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу