Ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК пилоттук тренингдин расмий жабылуу аземи

Новости
06-Август 2019-ж.
4177

2019-жылдын 3-августунда КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын имаратында Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда Кыргызстан ишкерлери үчүн Гарвард университетинин методологиясы боюнча биринчи жолу өткөн ЭМПРЕТЕК пилоттук тренингдин сертификаттарын тапшыруу менен расмий жабуу аземи КР Экономика министринин орун басары С. Ахматовдун жана Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) инвестициялар жана ишкердик бөлүмүнүн ишкердик секторунун жетекчиси Татьяна Крылова айымдын катышуусунда болуп 

Министрдин орун басары С. Ахматов бардык ишкерлерди 6 күндүк семинар-практикумду ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, чакан жана орто бизнес Кыргыз Республикасынын экономикасынын локомотиви болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги да ишкердик потенциалды өнүктүрүүгө жана өлкөдө ишкердик ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурат деп белгиледи.

Ошону менен бирге, семинардын катышуучулары КР Экономика министрлигине жана аталган тренингге катышууга мүмкүнчүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын БУУӨПга ыраазычылык билдиришип, бизнес потенциалын өнүктүрүү үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалымат үчүн:

Ишкерлик потенциалын жана ишкерлик иш жүргүзүү компетенциясын өстүрүү максатында, КР Экономика министрлиги тарабынан БУУӨП менен биргеликте ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК (испан тилинен emprendedores – ишкерлер жана technologia - технология) семинары уюштурулду, ал ЮНКТАД тарабынан (БУУ соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы) дүйнөнүн 35 өлкөсүндө ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат.

ЭМПРЕТЕК Программасынын негизги милдети - бизнеске карата ишкердик мамилени түзүү; жашоону гана эмес, калктын, чакан бизнестин өсүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү, ошону менен калктын ичинде аз камсыз болгон катмарлардын иш менен камсыз болуусун жана кирешесин жогорулатууга жөндөмдүү ишкер-лидерлер.

Семинардын программасы ЭМПРЕТЕКтин методологиясына ылайык негизги 10 параметрлерди (ишкердин же менеджердин жеке компетенцияларын, анын ишинде ишкердик мамиле кылуу талап кылынат) аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган, алар бизнестеги ийгиликтин негизги факторлору болуп саналат.

Кызыккан суроолорду Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгына 62-05-35 (+159, +327) телефондору боюнча кайрылууга же ipd@mineconom.gov.kg электрондук дарекке жөнөтүүгө болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу