КРнын Экономика министри Дүйнөлүк банктын офисинин башчысы менен болгон жолугушууда бир катар долбоорлорду ишке ашыруунун маселелерин талкуулады.

Новости
16-Сентябрь 2012-ж.
2514


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Темир Сариевдин Дүйнөлүк банктын офисинин башчысы Александр Кремер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан, атап айтканда «Ишкердиктеги жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу», SVEM, ж.б. бир катар долбоорлорун ишке ашыруунун маселелери талкууланды.

Министр Т. Сариев төмөнкүлөрдү белгиледи: «Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен өз ара аракеттенүүдө Орто Азияда лидер болуп саналат. Бизде Дүйнөлүк банктан энергетика секторунда, техникалык жөнгө салуу жаатында ж.б. ийгиликтүү программалар бар. Бул долбоорлор экономиканы көтөрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык элементтерди жок кылууга багытталган.».

Жолугушуунун жыйынтыгында министр аккредитация чөйрөсүнө финансылык көмөк көрсөтүүнү, «Ишкердиктеги жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу» долбоорун улантууну өтүндү.

Өз кезегинде А. Кремер финансылык жардам көрсөтүү тууралуу бул маселени изилдеп чыгууга өз макулдугун берди, жана жогоруда белгиленген долбоорду улантуу тууралуу министрдин өтүнүчүн кабыл алды.

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу