Алиментариус кодексинин стандарттарын иштеп чыгууда тобокелдиктерди талдоо жөнүндө

Новости
02-Август 2019-ж.
4169

2019-жылдын 30-июлунан 31-июлуна чейин КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда (СМБ) Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) менен биргеликте Алиментариус кодексинин стандарттарын иштеп чыгууда тобокелдиктерди талдоо боюнча Улуттук практикалык семинар өткөрүлдү.

Бул семинар Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ)/БААЭК (ТП-9274) “Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык өлкөлөрүндөгү айыл чарба өндүрүштүк-сатып өткөрүү чынжырчаларында тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарын киргизүүнү күчөтүү” (БААЭК) долбоорунун алкагында өткөрүлгөн, ал тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча улуттук техникалык эксперттик топтун адистерине багытталган.

АӨБ аймактык техникалык жардамдар долбоору 2018-жылдан тартып ишке ашырылууда. Долбоорду ишке ашырууга БААЭКтин 11 өлкөсүнөн ишке ашыруучу агенттиктер катышат.

БААЭК аймактык тармагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) санитардык жана фитосанитардык чараларын колдонуу боюнча макулдашууга белгиленген, улуттук тамак-аш азыктарынын коопсуздук системасынын алкагында милдеттенмелер менен колдоого алынат.

Долбоордун ушул компонентинде тамак-аш продуктуларынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарын күчөтүү боюнча маанилүү басымы болуп БААЭКтин мүчө өлкөлөрү аны ишке ашыруу учурунда ДСУ тарабынан таанылган эл аралык стандарттарга негизделүүгө тийиш экендиги саналат, ал Алиментариус кодексинин стандарттары болуп саналат.

Бул семинарга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, азык-түлүк коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр: ОАжМСЭКДВФКМИ, СМБ (БЦИСМ), КР ЭМ, ошондой эле илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Семинар эл аралык эксперт, илимдин доктору, ФАОдо (Алиментариус кодекси), анын ичинде балык жана балык азыктарына Алиментариус кодексинин стандарттарын иштеп чыгуу боюнча чоң тажрыйбасы(15 жылдан ашык) бар Иддя Карунасагар мырзаны тартуу менен өткөрүлдү.

Семинардын алкагында төмөнкү маселелер толук көрсөтүлдү жана практикалык мисалдарда каралды:

- JEMRA Кодексинин Комитети тарабынан тобокелдерди баалоо мисалында Кодекстин стандарттарын иштеп чыгууда тобокелдерди талдоо процессине сереп;

- Кодекстин стандарттарын иштеп чыгууда негиз түзүүчү, JECFA Кодексинин комитети тарабынан жүргүзүлгөн химиялык тобокелдиктер боюнча баалардын мисалдары;

- Колдонуудагы улуттук стандарттарга салыштырмалуу Кодекстин стандарттарынын талаптарын талкуулоо жана талдоо;

- Мүмкүн болуучу көйгөйлүү маселелерди жана Кодекстин кабыл алынган стандарттарын ишке киргизүүдө ачылган мүмкүнчүлүктөрүн, процесстерди колдоо үчүн тамак-аш коопсуздугу боюнча техникалык эксперттердин улуттук тобунун ролун талкуулоо;

Кодекстин колдонмосу, мыкты практиканын Кодекстери жана аларды улуттук денгээлде кабыл алуу;

- Улуттук жана аймактык эксперттик топтордон тобокелдиктерди талдоо боюнча күтүлүп жаткан салымы боюнча презентацияларды жана өзүнчө сессияларды кароо;

- ЕАЭБ ТР жана кодексинин стандарттарын салыштырып талдоонун, Кодекстин колдонуудагы стандарттарын кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча топтор тарабынан презентациялар көрсөтүлдү жана андан аркы дискуссия жүргүзүлдү.

Ошондой эле эл аралык стандартын киргизүү, КР ыйгарым укуктуу органдары тарабынан талдоо, баалоо жана тобокелдиктердин менеджменти, БААЭК өлкөлөрүнүн ортосундагы азык-түлүк коопсуздугу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү жана координациялоо өңдүү маанилүү маселелер талкууланды. Семинар интерактивдүү форматта өткөрүлдү, анда бардык катышуучулар топтук тапшырмаларды аткаруу жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн сессияга (топко) бөлүнүштү.

Бөлүнгөн сессиялар (топтор) Кодекстин комитеттеринин талкууларынын күн тартибиндеги айрым маселелер колдонулду жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча Улуттук техникалык эксперттик топтун кошкон салымы жана Кыргыз Республикасы үчүн зарыл болгон стандарттар талкууланды, алар Кодекстин бекитилген стандарттарынын тизмесинде көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, катышуучулар тарабынан тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча Улуттук техникалык эксперттик топтун иш жаатындагы сунуштар даярдалган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу