ЭКӨУ менен биргеликте өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулук менен экинчи жолугушуу өткөрүлдү

Новости
18-Июль 2019-ж.
4240

2019-жылдын 16-июлунда КР Экономика министрлигинин Чоң залында Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча Уюм (ЭКӨУ) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ишкерчилигинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана укуктук чөйрөсүн чыңдоого багытталган, реформаларга көмөк көрсөтүү маселелери боюнча өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулугу менен экинчи жолугушуу өткөрүлдү.

Бул жолугушууда, ЭКӨУнун өкүлдөрү тарабынан төмөнкү темалар боюнча презентация өткөрүлдү:

Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен ишканалардын ачылышына жана өсүшүнө көмөк көрсөтүү;

Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жолу менен ишканаларды түзүүгө жана анын өсүшүнө көмөк көрсөтүү. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө Польшанын тажрыйбасы;

Борбор Азиядагы соода-транспорттук байланыштарды жогорулатуу жана жүк ташууну өнүктүрүү.

Ошондой эле, активдүү талкуулар жана талкуулоолор болуп өттү, анда жолугушуунун катышуучулары белгиленген презентациялар тууралуу пикир алмашышты.

ЭКӨУ өкүлдөрү мындан аркы талдоолорду жүргүзүү жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө сөз кылышты.

Жумушчу топтун кийинки отурумун өткөрүү жана күтүлгөн жыйынтыктар үстүбүздөгү жылдын октябрында пландаштырылды.

Маалымат үчүн

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюм (ЭКӨУ) - өкүлчүлүк демократиянын жана эркин рынок экономикасынын негиздерин тааныган өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык экономикалык уюму.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу