2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана күтүлүүчү көрсөткүчтөрү жөнүндө

Новости
15-Июль 2019-ж.
5147

2019-жылдын 15-июлунда “Кабар” КУМАда Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин, Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги Насирдин Шамшиевдин жана Соода саясаты башкармалыгынын начальниги Кубан Айдаралиевдин ж.б. катышуусунда пресс-конференция болуп өттү.

А. Алыбаев белгилегендей, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы жана ички факторлордун таасирине карабастан, өлкөнүн экономикасында экономикалык өсүштүн оң темпи белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын көлөмү 232,6 млрд.сом суммасында түзүлдү жана өсүштүн реалдуу темпи 6,4% ды түздү (2018-жылдын январь – июнунда-0,3% га).

ИДПнын дефлятору 98,2% дын деңгээлинде түзүлдү.

Өсүштүн жогорку темпи, негизинен, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда негизги металлдарды өндүрүүнүн өсүшү менен шартталган (6 айдын жыйынтыгы боюнча өсүш. 2019 – жылы - 51,6% ды түзгөн), ошондой эле 2018-жылы төмөнкү базанын таасири болгон.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды: айыл чарбасында көлөмдөр 1,7% га, курулушта – 5,9% га, өнөр жайда – 20,5% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 1,4% га, соодада – 4,7% га.

Ошол эле учурда Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда орточо экономикалык өсүш байкалууда (жыл башынан тартып), мында өсүш орточо 2,1% ды (2018 - 2,5%) түздү.

Мындан тышкары белгилей кетүүчү нерсе, инфляциянын жылдык көрүнүшүндө 1 жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 100,3% ды түзгөн, ал 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2-3 пайызга жакын диапазондо күтүлүүдө.

2019-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь-майына салыштырмалуу 2,6% га төмөндөдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,7% га көбөйдү (негизинен алтынды экспорттоону көбөйтүүнүн эсебинен), ал эми импорттук түшүүлөр 4,7% га кыскарды.

2019-жылы экономикалык өсүш тышкы экономикалык жагымдуу конъюнктуранын, белгиленген иш-чараларды, ошондой эле “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” 2018-2022-жылдардагы мезгилде КР өнүктүрүү программасына киргизилген улуттук долбоорлорду ийгиликтүү жана өз убагында ишке ашыруунун шартында 4,0% га жакын деңгээлде күтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу