Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин түндүк региондор аралык бөлүмү тарабынан керектөөчүлөрдүн негизги укуктары жөнүндө маалымат берилди.

Новости
24-Июль 2012-ж.
2757

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментинин түндүк региондор аралык бөлүмү менен Ысык-Көл районунун базарларында керектөөчүлөрдү алардын укуктары менен маалымдоо боюнча иш чаралар өткөрүлдү.

Иш чарага монополияга каршы органынын кызматчылары, рыноктордун администрациясынын жетекчилери, керектөөчүлөр жана жалпыга маалымат каражаттары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү укук мамилелеринин катышуучуларын, керектөөчүлөрдүн негизги укуктарын жана сатуучулардын милдеттерин көрсөтүү менен керектөөчүлөр үчүн эскертүүлөр таркатылды.

Иш чаранын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын рыногунун администрациясы тарабынан кемчиликтер табылды. Атап айтканда, керектөөчүлөр үчүн маалыматтын (маалыматтык стенд) жана рыноктун иш тартибинин жоктугу. Монополияга каршы органдын талабы боюнча азыркы учурда ушул факт боюнча бузууну жокко чыгаруу иши жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо максатында Атаандаштык жөнүндө, табигый жана уруксат берилген монополия жөнүндө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу, жарнак жөнүндө мыйзамдардын тараптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча аймактык монополияга каршы органдын иши” темасындагы семинар Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында болуп өттү.

Жолугушууда монополиянын субьекттеринин ишин жөнгө салуунун, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун жана жарнак ишинин маселелери жана көйгөйлөрү талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу