Экономика министрлиги тарабынан Акыл эси артта калган балдар үчүн көмөкчү мектепке атайын китептер берилди

Новости
01-Июль 2019-ж.
2394

Минэконом тарабынан Акыл эси артта калган балдар үчүн көмөкчү мектепке  атайын китептер берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” Токтомуна ылайык, социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында, КР Экономика министрлигинин кызматкерлери бүгүн, 2019-жылдын 1-июлунда Бишкек ш. № 34 Акыл-эси артта калган балдар үчүн көмөкчү мектепке 70 даана китеп тапшырышты.

Ошондой эле жардамдын алкагында, Бишкек шаарындагы азиздер жана начар көргөн балдар үчүн республикалык атайын мектеп-интернатына 450 кг. перфокарт кагаз берилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу