ШКУга финансылык жардам боюнча Алмашуу каттарына кол коюу жөнүндө

Новости
25-Июнь 2019-ж.
3934

2019-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүнү даярдоо үчүн Кыргыз Республикасына финансылык жардам берүү жөнүндө алмашуу каттарына кол коюлду.

Жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу каттарына ылайык, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүнү даярдоо менен байланышкан чыгымдарды жабууга 6 млн.760 миң АКШ долл. бөлөт. 

КР Өкмөтүнүн атынан Алмашуу катка Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов, КЭР Өкмөтүнүн атынан – Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн кол койду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу