“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Новости
21-Июнь 2019-ж.
3707

2019-жылдын 9-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору эки жактуу түшүндүрмөлөрдү алып салуу жана КР “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.

Бул долбоор менен алкоголду аныктоо бөлүгүндө ар түрдүү терминдер: “алкоголь”, “пиво”, “алкоголдук буюмдар” деген терминди “алкоголдук продукция” деген түргө келтирүү сунушталат.

Ошондой эле “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” Республикасынын Мыйзамы менен бирин-бири кайталаган ченемдер жок кылынат.

Мыйзам долбоорунда Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл тексти боюнча жөндөмө формаларындагы “жарнак”, “жарнактоону”, “жарнактала”, “жарнактоого”, “жарнакталган” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “жарнама”, “жарнамалоону”, “жарнамалана”, “жарнамалоого”, “жарнамаланган” деген сөздөргө алмаштыруу сунушталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу