Ветеринария боюнча бузууларды эсепке алуу жана алдын алуу боюнча планды ишке ашыруу жөнүндө

Новости
19-Июнь 2019-ж.
2278

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жеке жана юридикалык жактарды тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок товарларды алып кирүүгө көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү жөнүндө эскертет.

2019-жылы 5 ай ичинде чек аралык ветеринардык өткөрүү пункттарында ЕАЭБтин бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарын сактабагандыгы үчүн 14, ал эми 2018-жылы 96 көзөмөлдө турган жүк кармалган.

Кармалган жүктөр жөнөтүүчү өлкөгө (Казакстан Республикасы – 33 учур, Тажикстан Республикасы - 29 учур, Өзбекстан Республикасы - 26 учур, Россия Федерациясы - 3 учур) кайтаруу катары таризделген. Жаныбарлардан алынчу продукция менен болгон жүктөрдүн көпчүлүгү утилдештирилген, жаныбарлардан алынган продукция утилдештирилген, 5 учурда кайра берилген.

ЕАЭБдин бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптары менен Евразия экономикалык комиссиясынын сайтынан таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу