Мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн МЖӨ боюнча эл аралык тренинг болуп өттү

Новости
17-Июнь 2019-ж.
3991

2019-жылдын 14-15-июндарында Бишкек шаарында, Эл аралык финансы корпорациясынын колдоосунда (IFC) МЖӨ маселелерине тартылган, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Жогорку Кеңешинин 33 кызматкери үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча (МЖӨ) APMG CP3P (Public-Private Partnerships Certification Program) эл аралык тренинг болуп өттү.

APMG CP3P тренинг башында мыкты эл аралык практикага ылайык МЖӨ өнүктүрүү үчүн мамлекеттердин жана жеке сектордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн ДБ, АӨБ, ЕРӨБ, Эл аралык өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыкта иштелип чыккан.

APM Group International (Лондон) эл аралык финансы институттарынын тапшырмасы боюнча бул тренингдерди жана сынактарды өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Ал үч катмардан турат: негизги деңгээл, даярдоо, ишке ашыруу. Бардык үч деңгээл боюнча сынактардан өткөндөр “СР3Р” статусун алышат, б. а. “МЖӨнүн сертификатталган кесипкөйү”, ал эл аралык жалпы таанылган сертификат болуп саналат.

Тренингдин негизги деңгээли төмөнкү темаларды камтыйт:

1. МЖӨнү аныктоо жана негиздөө;

2. Мамлекеттик сатып алуулар жана МЖӨ жолу менен инфраструктуралык долбоорлорду жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу;

3. МЖӨ моделдери;

4. МЖӨнүн алкагында тобокелдиктерди каржылоо жана башкаруу;

5. МЖӨ долбоорлорунун типтүү түзүмү;

6. Акчанын жана корпоративдик финансы негиздеринин убактылуу наркы;

7. МЖӨнүн финансылык аспектилери жана банктардын ролу;

8. МЖӨнүн долбоорлорун ишке киргизүү;

9. МЖӨнүн тобокелдиктерин башкаруунун негиздери;

10МЖӨ долбоорлорунун ийгилигинин жана аткарылбагандыгынын себептери;

11. МЖӨ контракттарын башкаруу: куруу жана ишке киргизүү этаптары;

12. МЖӨ долбоорлорунун мисалдарын талдоо. 

Тренингдердин жыйынтыгында катышуучулар сынак тапшырышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу