Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри өлкөнүн туртармагын изилдөө методикасы менен таанышты.

Новости
20-Июль 2012-ж.
2790

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Дүйнөлүк банк менен биргеликте даярдаган Техникалык тапшырмасынын алкагында SIAR research & consulting компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын изилдөө методологиясы” сунушталды.

Техникалык тапшырмага ылайык, тендерди утуп алган компания Кыргыз Республикасынын туристтик секторунун учурдагы абалына изилдөө, анын негизги көйгөйлөрүнө баалоо, туристтик кызматтардын структурасына анализ жүргүзүшү жана Кыргыз Республикасына келген туристтердин негизги мүнөздөмөлөрүн изилдеши керек.

Изилдөөнүн жүрүшүндө ички жана КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип жаткан тышкы 1750 туристти, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлерин, жана эксперттерди суроо болжолдонууда. Изилдөө Бишкек жана Ош шаарларын кошо, бүтүндөй өлкө боюнча жүргүзүлөт.

Жолугушууда министр Т.Сариев изилдөө жүргүзүүдө эске алына турган бир катар олуттуу факторлорду киргизүү зарылдыгына көңүл бурду: туристтик бизнестин заманбап маркетинг маалымат системасынын механизмдерин толук изилдөө; туристтик тармакка чет өлкөлүк инвестицияларды салуунун жагымдуу шарттарын камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө; Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын өнүктүрүү боюнча инновациялык чараларды жайылтуунун мүмкүндүгүн изилдөө жана сунуш кылуу жана туристтик кластерлерди түзүү.

Аягында министр Темир Сариев визасыз режимди киргизүүдө туристтерди келүүлөрүн жогорулатуу предметине изилдөө жүргүзүүнү жана туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча чет өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбаларын келтирүүнү сунуштады.

SIAR research & consulting компаниясы билдиргендей, изилдөөнүн натыйжалары 2012-жылдын ноябрынын башына белгилүү болот. Натыйжалар жана изилдөөнүн жүрүшүндө иштеп чыгарылган рекомендациялар туристтик индустриянын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн керектүү старттык шарттарды жана туристтик тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүндүгүн түзүшөт, алар Кыргызстанда туризм инфраструктурасынын өнүгүүсүнө алып келет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу