Эл аралык аккредитациялоо күнү: “Аккредитациялоо: Жеткирүү чынжырынын маанисин жогорулатуу” урааны менен өттү

Новости
10-Июнь 2019-ж.
4256

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунда Эл аралык аккредитациялоо күнүнө карата тегерек стол болот, ал жыл сайын 9-июнда белгиленип келет.

Бул жылы ал: “Аккредитациялоо: Жеткирүү чынжырынын маанисин жогорулатуу” ураанында өттү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров, ошондой эле Аккредитациялоо боюнча иштерге тартылган аккредитациялоо Кеңешинин жана Техникалык комитеттеринин техникалык эксперттери, Германиянын Физика-техникалык институтунун эл аралык консультанты Беатрис Панагуа, шайкештикти баалоо боюнча органдардын жана тараптардын аккредитациялоо боюнча иштерине кызыкдар болгон өкүлдөрү. катышты.

Тегерек столдун катышуучулары КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун ишинин маселелери боюнча пикир алмашуу менен эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү, аккредитациялоо чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү талдоо жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча тийиштүү резолюцияга кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу