Министр С. Муканбетов Кыргызстандын бардык финансы-экономикалык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
07-Июнь 2019-ж.
2425

Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул майрам мамлекеттин экономикалык тутумун өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө финансылык жана экономикалык чөйрөнүн кызматкерлеринин жогорку ролун баса белгилейт, ал коомдун социалдык жана саясий туруктуулугунун кепили болуп саналат.

Мамлекетти өнүктүрүүнүн азыркы этабында биздин алдыбызда экономиканы реалдуу көтөрүү, аткарылышы оор эмгекти, жогорку квалификацияны жана чыгармачылык мамилени талап кылган, Кыргызстан элинин бакубаттуулугун көтөрүү жана ага жетишүү боюнча маанилүү милдеттер турат.

Урматтуу финансисттер жана экономисттер!

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, конструктивдүү жана өз ишине жоопкерчиликтүү мамилеңиздер өлкөнүн экономикасын ырааттуу өнүктүрүп, анын финансылык туруктуулукту камсыз кылуусуна ишенем.

Бакубатчылык, жемиштүү иш, кесипкөйлүү ийгиликтерди, туруктуулукту, жаңы мейкиндиктерди жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүнү чын дилимден каалаймын!

Кыргыз Республикасынын

Экономика министри                                                                  С.  Муканбетов 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу