Региондорду санариптештирүү менен бирге жашыл экономика жөнүндө

Новости
30-Май 2019-ж.
4595

Региондорду санариптештирүү менен бирге жашыл экономика 2019-жылдын 30-майында Бишкек шаарында өткөн, 7-Бишкек эл аралык финансылык форумдун негизги темасы боло алды @www.biff.kg.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тиешелүү программасы менен стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кадыров тааныштырды.

“Биз 2019-2020-жж. Кыргызстандын жашыл экономикага өткөн мезгили болуп каларын күтөбүз!”,- деп баса белгиледи А. Кадыров.

А. Кадыров “жашыл” экономиканы өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- электромобилдер үчүн бажы алымдарынын нөлдүк чени киргизилди;

- мамлекеттик статистика тутумуна киргизүү үчүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 39 негизги индикаторлорду тандоону адаптациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө;

- туруктуу каржылоо боюнча жол картасынын долбоору иштелип чыкты;

жашыл экономиканы моделдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө;

- 2019-2023 – жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын биринчи долбоору иштелип чыккан, анда “Жашыл экономика-2018” форумунун резолюциясынан сунуштар жана сунуштоолор эске алынат.

Эскерте кетчү нерсеЖашыл экономика министрликтин программасынын негизги багыттары төмөнкүлөр:

🔆 жашыл энергетика,

🏫 жашыл шаарлар,

🌽 жашыл айыл чарба, 

⚙ жашыл өнөр жай,

🚎 аз көмүртектүү жана экологиялык таза транспорт,

🏔 туруктуу туризм,

♻ калдыктарды башкаруу.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу