Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндө маселелерди түшүндүрүү улантылууда

Новости
27-Май 2019-ж.
4047

2019-жылдын 17-майынан 27-майына чейин бизнес-коомчулугу, мамлекеттик органдар жана бардык кызыкдар жактар үчүн ЕАЭБге интеграцияланууда Кыргыз Республикасынын адаптациялануу мезгилинде мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун базасында кызыкдар тараптардын бардык кызыккан суроолоруна белгилүү эксперттер жана жетектөөчү адистер тарабынан техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу метрология, менеджмент системасы, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү боюнча консультациялар уланууда.

Ушул мезгил ичинде төмөнкү маселелер боюнча консультациялар берилди:

рыноктор ассоциациясынын жана Мамэкотехинспекциянын суроо-талабы боюнча курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн техникалык жөнгө салуу;

- сүт продукциясын өндүрүүгө катышкан ар түрдүү объекттердин кооперациясы, сүт союзунун суроо-талабы боюнча айрым категориядагы стандарттарды колдонуу.

Суроолорду 62-37-90, 66-22-81  телефону жана nism@nism.gov.kg электрондук дареги боюнча берүүгө болот; кабыл алуу күндөрү: шаршемби жана жума 16-00 дон 18-00 го чейин КР ЭМге караштуу СМБ чакан залында.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу