Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин монополияга каршы орган менен электрондук макулдашууну киргизүү жөнүндө

Новости
20-Май 2019-ж.
3996

2019-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (иштерүчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому кабыл алынды.

Тартип кошумча абзац менен толукталат, анда акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, тарифтерди мамлекеттик монополияга каршы орган менен электрондук форматта атайын программалык камсыздоо аркылуу макулдашуу мүмкүнчүлүгү берилет. 

Мамлекеттик, муниципалдык органдар тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) өз тарифтерин (бааларын) электрондук макулдашуу монополияга каршы орган менен атайын программалык камсыздоо аркылуу монополияга каршы органдын кызматкерлеринин мамлекеттик, муниципалдык органдардын өкүлдөрү менен байланыштарын азайтууга алып келет.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу