Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти кантты өндүрүүчүлөр жана импортерлор менен кеңири жыйналыш өткөрдү

Новости
11-Июль 2012-ж.
2682

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти кантты өндүрүүчүлөр жана импортерлор менен 2013-жылдын 1-мартынан тартып 1-сентябрына чейин алып келинген кантка 30% бажы алымдарын киргизүү жөнүндө” кеңири жыйналыш өткөрдү.

Департаменттин директору Данил Ибраев белгилеп кеткендей кант рыногунун 83-85% импорттун эсебинен толуп калууда. Канттын бир бөлүгүн Белорусиядан жана Россия Федерациясынан алып келишүүдө, анын бир аз гана бөлүгүн ата мекендик кант өндүрүүчүлөр толуктайт.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кант өндүрүүчүлөр жана импортерлор бажылык алымды киргизүү боюнча механизмди иштеп чыгуулары же сунуш берүүлөрү тууралуу чечим кабыл алынды. Өндүрүштү өстүрүүгө дем берүү механизмин биргеликте иштеп чыгуу зарыл. Кант рыногунун суроо-талаптарын толук деңгээлде камсыздоо жана кант продукцияларына туруктуу жана алгылыктуу бааны камсыздоо үчүн шарттарды түзүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу