Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу “Бирдиктүү терезе” Борбору” мамлекеттик ишканасы Tylpar System системасынын артыкчылыктарын түшүндүрөт

Новости
10-Июль 2012-ж.
2744

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Бирдиктүү терезе” Борбору” мамлекеттик ишканасы Tylpar System системасынын артыкчылыктарын түшүндүрөт.

10-июлда Айчүрөк” соода борборунда Башкы директор М.К. Насиев, ЦУМ соода борборунун ижарачылары менен өлкөнүн банк секторлорунун өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул иш чарага Бирдиктүү терезе борборунун кызматкерлери да катышты. Презентациянын жүрүшүндө Бирдиктүү терезе борборунун адистери экспорттук-импорттук документтер үчүн уруксаат берүүчү документтерди алуудагы жол-жоболорду тездетүү маселелерине көңүлдөрүн бурду.

Алишер Сапарбек уулу – Рыноктор ассоциациясынын директорунун орун басары, ишканалар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү презентация үчүн Бирдиктүү терезе борборунун адистерине ыраазычылыктарын билдиришти. Tylpar System системасы ишкердик иш аракеттерди абдан тездетүүгө жана жеңилдетүүгө мүмкүндүк берээрин белгилеп кетишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу