Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент түштүктөгү филиал менен биргеликте Кара-суу районундагы кичи-базарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мониторинг жүр

Новости
10-Июль 2012-ж.
2752

Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин Ош-Баткен облустук бөлүмдөрү Ош облусунун Мамлекеттик администрациясына караштуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргелешкен иш планына ылайык, 2012-жылдын июнь айында Кара-Суу районундагы базарларда жана кичи – базарларда Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталгандыгына мониторинг жүргүзүштү.

Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында базардын аймагында импорттук уюлдук телефондордун, тиричилик химиянын, медикаменттердин (жана башка товарлардын) шайкештик сертификатысыз сатылып жаткандыгы табылган.

Бул фактылар боюнча ушул товарларды сатуучуларга эскертүү берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу