Кыргызстанда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруунун шарттары түшүндүрүлдү

Новости
17-Апрель 2019-ж.
3099

2019-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК өкүлдөрү: Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча филиалдын директору Рустамбек Тагаев, камсыздандыруу агенти Эмма Белецкая менен жолугушуусу болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Р. Тагаев турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды, милдеттүү камсыздандыруу полиси боюнча өзүнүн кыймылсыз мүлкүн камсыздандырган Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү аткаруу максатында, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК ишинин негизги жыйынтыктары тууралуу презентация жасады.

Ошондой эле кыймылсыз мүлктү милдеттүү камсыздандыруу шарттары, камсыздандыруу учурлары, кыймылсыз мүлктү милдеттүү камсыздандыруу полиси боюнча төлөмдөрдүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу